2019-2022-жылдарда КР экспортун өнүктүрүү боюнча Өкмөттүн Программасы презентацияланды

Новости
15-Февраль 2019-ж.
5392

Бүгүн, 2019-жылдын 15-февралында Экономика министрлигинин аянтчасында 2019-2022-жылдарда КР экспортун өнүктүрүү боюнча Өкмөттүн Программасы, ошондой эле аны ишке ашыруу иш-чаралар Планы презентацияланды. 

Экономика министринин орун басары Эльдар Абакиров өз сөзүндө эл аралык кызматташуу боюнча Германиялык коомго, аталган иш-чарага көрсөткөн колдоо үчүн БУУ өнүктүрүү программасына, ошондой эле экспортту толугу менен өнүктүрүү Программасын иштеп чыгууга колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Презентациянын жүрүшүндө министрдин орун басары жакынкы жылдары Өкмөттүн 
 соода саясатынын негизги милдети экспорт тармагындагы артыкчылыктуу өнүктүрүүнү камсыз кыларын белгиледи. 

Коюлган маселелерди аткаруу жана көйгөйлөрдү чечүү максатында Өкмөт тарабынан 2019-2022-жылдарда КР экспортун өнүктүрүү боюнча Программа кабыл алынды жана ишке ашырыла баштады.

Программада баяндалган иш-чаралар тигүү тармагы, жашылча-жемиштерди кайра иштетүү, сүт тармагы, жашыл жана инновациялуу прибор куруу сыяктуу эң жогорку экспорттук потенциалга ээ тармактардын продукцияларынын экспортунун көлөмүн көбөйтүү боюнча чараларды кабыл алууга багытталган.

Программанын иш-чараларын ишке ашыруу алкагында пландалган иш, республиканын министрликтери жана ведомстволору тарабынан, алардын учурдагы ишине каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлөт. Ошону менен бирге, бюджеттик каражаттарды тартуу жолу жана өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдөн техникалык жардам аркылуу коюлган максаттарга толук масштабдуу жетүү максатында каржылоонун кошумча булактарын аныктоо боюнча милдет турат. 

Мындан тышкары Программаны ишке ашыруу боюнча иштерди натыйжалуу координациялоо максатында жана аны мониторингдөө, тармактык жумушчу топ түзүү пландалууда, ага өкүл катары тиешелүү министрликтер жана ведомстволор, бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү кирет. 

Презентацияга өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр, финансы мекемелеринин, ассоциацияларынын, бизнес-коомчулугунун, негизги мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты, алар өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүн ар тараптуу колдошот.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу