2019-жылга Экономика министрлигинин ишинин негизги багыты аныкталды

Новости
15-Февраль 2019-ж.
4979

2019-жылдын 14-февралында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин 2018-жыл үчүн министрликтин аткарган иштеринин жыйынтыгы боюнча коллегия жыйыны болуп өттү. 

Жыйындын жүрүшүндө 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча социалдык-экономикалык кырдаалды талдоодон тышкары, 2019-жылга максаттуу милдеттер аныкталды.

2019-жылга карата саясаттын негизги максаты экономикалык өсүүнүн оң динамикасын сактап калуу аркылуу макроэкономикалык жана финансылык туруктуулукту камсыздоо, улуттук экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана баа туруктуулугун камсыздоо болуп саналат.

Саясат «Биримдик, ишеним, жаратмандык» 2018-2022-жылдардагы мезгилде Кыргыз Республикасын өнүктүрүү Программасын жана анда камтылган чараларды ишке ашыруу аркылуу жүзөгө ашат, ал экономиканы бекемдөөгө, потенциалды күчөтүүгө жана өндүрүштү өнүктүрүүгө, ошондой эле элдин бакубат жана сапаттуу жашоосуна багытталган.  

Азыркы учурда региондорду өнүктүрүү боюнча иш-чаралар Планынын соода жана санариптештирүү бөлүгүндө жаңылоо процесси жүрүп жатат. Инвестициялык климатты жакшыртуу жана жагымдуу иш чөйрөсүн түзүү иштери улантылат. 

Мындан тышкары кадрдык потенциалды өнүктүрүү, коррупцияга каршы чараларды ишке ашыруу боюнча Экономика министрлигинин кызматкерлерин андан ары окутуу жана квалификациясын жогорулатуу, кызматкерлердин этика ченемдерин сактоосун камсыз кылуу боюнча иштер улантылат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу