Экономика министри жана МБК нын төрагасы Кыргызстандын ишкер чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолукту

Новости
12-Февраль 2019-ж.
4766

2019-жылдын 11-февралында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде министр Олег Панкратов менен Мамлекеттик Бажы кызматынын төрагасы Алмаз Оңолбеков бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушту. 

Бул мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн өлкө ишкерлери менен биринчи жолку жолугушуусу эмес. 

 Жолугушуунун башталышында Кыргыз Республикасынын Экономика министри өткөн жолугушууда бажы процесстери боюнча маселе козголгонун, ошондуктан бул жолку жолугушууну бажы кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте өткөрүү чечими кабыл алынганын белгилеп өттү. 

 Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар бажы контролунан өтүү менен байланышкан системалуу маселелерди ыкчам чечүү жолдорун талкууга алышты. Ошондой эле ишкердик чөйрөсүндөгү көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору жөнүндө талкуулашты. 

 Экономика министри менен кийинки жолугушуу 13-февралда болот жана ага Мамлекеттик Салык кызматынын өкүлдөрү чакырылат. 

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу