Министрдин орун басары Э. Абакиров Бизнес Кеңештин жетекчилери менен жолугушууда ЭЭЗ маселелерин талкуулады

Новости
08-Февраль 2019-ж.
5102

2019-жылдын 7-февралында Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары Эльдар Абакиров бизнести жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча Кеңештин катчылыгынын жетекчиси Абдилла Арзыматов, "БизЭксперт" аналитикалык борборунун эксперти Алексей Догадин жана Кыргыз Республикасындагы Америка соода палатасынын өкүлдөрү менен Кыргызстандагы эркин экономикалык зоналарды өнүктүрүү маселелерин талкуулоо боюнча жолугушту. 

Жолугушуунун жүрүшүндө бизнес өкүлдөрү тарабынан  ЭЭЗ субъекттерине салык салуулар боюнча бир катар көйгөйлүү маселелер айтылды жана республикада өзгөчө экономикалык зоналардын институтун өнүктүрүү боюнча сунуштар берилди. 

Өз кезегинде Э.Абакиров катышуучуларга 2000-жылдын 20-сентябрындагы "Кыргыз Республикасындагы эркин экономикалык зоналар жөнүндө" Мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Мыйзам күчүн киргенге чейин катталган ЭЭЗ субъекттерине мурда берилген Кыргыз Республикасынын жалпы аймагына ЭЭЗдин аймагынан товар ташып чыгууда КНС төгүмдөрүнөн бошотуу боюнча жеңилдиктерди берүү мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу кырдаал жөнүндө маалымат берди. 

Мындан тышкары жолугушуунун катышуучуларына ЭЭЗ субъекттери үчүн колдонуудагы салыктык жеңилдиктер жана бул аймактарда бизнес жүргүзүүнүн артыкчылыгы, ошондой эле министрлик тарабынан ЭЭЗ аймагында ишкердикти ишке ашыруу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана баш дирекциянын бизнес-процесстерин башкарууну жакшыртуу боюнча маалымат берилди. 

Сөзүнүн аягында министрдин орун басары Экономика министрлиги бизнес-коомчулук менен конструктивдүү диалог үчүн дайым ачык экендигин жана ЭЭЗди өнүктүрүү саясатын мындан ары өркүндөтүү боюнча эксперттердин пикирлери кызыкдар тараптар менен биргеликте иштелип чыга тургандыгын билдирди. 

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу