СМБ базасында консультациялык аянтча өзүнүн ишин баштады

Новости
07-Февраль 2019-ж.
4983

КР Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борбору ЕАЭБ интеграциялоодо Кыргыз Республикасын адаптациялоо алкагында мүмкүнчүлүктөрдү жакшыртуу жана тобокелдиктерди төмөндөтүү боюнча АӨБ техникалык жардамынын долбоору боюнча Азия өнүктүрүү банкынын колдоосунда СМБ базасында бизнес-коомчулук, мамлекеттик органдар жана бардык кызыкдар тараптар үчүн консультацияларды өткөрүү боюнча иштерди улантууда. 


Бардык кызыктыруучу маселелерге белгилүү эксперттер жана алдыңкы адистер төмөнкүдөй багыттарда консультацияларды берүүнү улантышууда: 

- техникалык жөнгө салуу, стандартташтыруу, метрология, шайкештикти баалоо жана Бажы бирлигинин техникалык регламенттеринин жоболорун түшүндүрүү чөйрөсүндө;

- ИСО 22000 тамак-аш продукциясынын коопсуздугу, ошондой эле принципам ХАССП принциптери,    ИСО 9001 стандарты боюнча өндүрүүчүлөрдүн маалымдуулугун жогорулатуу үчүн жана экспортко стимул берүү, атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатуу максаты менен. Жогоруда көрсөтүлгөн стандарттар боюнча сертификациялоонун натыйжасында, ишкана көп кардарларды алат жана бизнесинин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет, мамзаказдарды алууга жана чет элдик өнөктөштөр менен иштөөгө чейин.  

Бүгүнкү күндө сурамдар боюнча төмөнкүлөргө консультациялар берилди:

- Кант-Сүт компаниясына, сүт продукциясын маркалоо тууралуу айрым талаптар боюнча;

- "Биоотун жөнүндө" КР Мыйзамынын долбоору боюнча Айыл чарба министрлигине;

- ЕАЭБ  бирдиктүү формасы боюнча таризделген шайкештик жөнүндө декларацияны каттоо бөлүгүндө шаардык ЭЭЗ;

- мал чарба продукциясынын коопсуздугун камсыздоо бөлүгүндө улуттук мыйзамдардын жана ДСУ, ЕАЭБ эрежелеринин жана ченемдеринин аспекттеринде ветеринардык-санитардык чараларын колдонуу чөйрөсүндө; 

ветеринардык-санитардык чараларды колдонуу маселелери боюнча, анын ичинде соодада;

- эксперттик уюмдардын жана эксперттердин ишинин маселелери боюнча, бул ЕАЭБ бир катар актылары эксперттик корутундулардын бар экендигин караштыргандыгын эске алуу менен маанилүү болуп саналат; 

- ЕАЭБ бажы чек арасында (СФС контролду кошкондо) техникалык жөнгө салууга тийиш болгон товарларды контролдоонун жол-жоболору боюнча – ЕАЭБ милдеттүү талаптары белгиленген продукцияны ЕАЭБ ташып келүү тартибинин чегинде семинарларды жүргүзүү боюнча бажы кызматына )ЕЭК Коллегиясынын №294 чечими);

- Help-desk ишине Сүт союзунун өкүлдөрү кызыгышты.

Ошондой эле төмөнкүдөй маселелер боюнча консультациялар берилди:

мал чарбасынын иштетилбеген продукциясына ветсанэкспертизаны жүргүзүүнү ченемдик камсыздоо; 

-  021 ББ ТР 5-беренесинин 3-пунктунун талаптарын сактоо: «Жүгүртүүдөгү тамак-аш продукция, анын ичинде азык-түлүк (тамак-аш) сырье ушул продукцияга байкоо жүргүзүлүшүн камсыз кылган товарды коштоочу документтер менен коштолушу керек»; 

- ««Ысык-Көл» биосфера аймагынын зонасынын чегинде полиэтилен пакеттерин жана пластик тарасын ташып келүүгө, өндүрүүгө, сатууга жана колдонууга тыюу салуу жөнүндө» КР мыйзам долбоору; 

- мамлекеттик контролдоо (көзөмөлдөө) системасын реформалоо, СФС убактылуу чараларын колдонуу жол-жоболору, техникалык жөнгө салуу жана СФС чаралар чөйрөсүндө КР улуттук мыйзамдарынын жана ЕАЭБ укук актыларынын шайкештик маселелери, ЕЭК иштелип чыккан актыларынын тигил же бул долбоорлорунун позициясын иштеп чыгуу.

Ушул кадамдардын бардыгы Кыргызстандын улуттук экономикасын модернизациялоого, Евразия экономикалык бирлигинин рынокторунда жана дүйнөлүк аренада өлкөнүн экспорттук потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталат. 

Белгилеп кетчү нерсе, маселелердин жана консультация алууну каалаган жактардын спектри кеңейүүдө.

Толугураак маалыматты менен төмөнкүдөй телефондор боюнча алууга болот: 62-37-90, 66-22-81, эл. почта: nism@nism.gov.kg  

Кабыл алуу күндөрүшаршемби жана жума 16-00дөн 18-00 чейин чакан залда.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу