Кыргызстандын Өзбекстан менен тышкы соодасы

Новости
06-Февраль 2019-ж.
7130

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги белгилегендей, 2014-2017-жж. Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасы менен товар жүгүртүүсү 1,4 эсеге көбөйгөн. Анын ичинде, кыргыз продукциясынын Өзбекстанга экспорту 25,4% өстү. Өзбекстандан ташылып келген продукция 1,6 эсеге өстү.   

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматтары боюнча 2018-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча (январь-ноябрь) Кыргызстандын Өзбекстан менен жалпы товар жүгүртүүсү 2017-жылдын ушуга окшош мезгилине салыштырмалуу 10,0% өстү жана 309,4 млн.долл. түздү. Өзбекстанга кыргыз экспорту 10,1% өстү жана 147,0 млн.долл. түздү, ошол эле учурда импорт 10% өстү жана 162,4 млн.долл. түздү. 

Өзбекстанга кыргыз экспортунун товардык түзүмү негизинен өнөр жай товарлар менен сунушталган. 2018-жылдын январынан ноябрына чейин Өзбекстанга экспорт отун-энергетикалык ресурстарды жеткирүүнүн өсүшүнүн эсебинен жогорулады: көмүр, нефть продукту 32,5%, цемент 5,2%, айнек жана андан жасалган буюмдар 96,5%, органикалык химиялык бирикмелер 3,3 эсе, таштан жасалган буюмдар жана цемент 92,4% ж.б.

Кыргыз импортунун түзүмүндө Өзбекстандан айыл чарба продукция 28% ашыгын түзөт, текстиль жана тигүү буюму-18%, пластмассадан буюмдар-8,7%, жер семиркичтер-12%.

2018-жылдын 11 айында Өзбекстандан жеткирүүлөр көбөйдү: жашылчалар (20,0%), мөмөлөр (69,1%), пластмасса жана андан жасалган буюмдар (23,2%), трикотаж (19,3%), алюминийден жасалган буюмдар (82,9%), жезден жасалган буюмдар (7%), кагаз жана картон (2 эсеге), кара металлдан жасалган буюмдар (35,1%), дандан жана ундан даяр продукттар (2,3 эсеге), машина жана жабдуулар (12%). 

Эки өлкөнүн профилдик мамлекеттик органдары менен бизнес коомчулугунун ортосунда кызматташтык активдештирилди. 2018-жылы Кыргызстандан Өзбекстанга эт продукциясы жеткириле баштады. Өзбекстанга сырларды ташуунун көлөмү 90 пайызга өстү. 


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу