Кыргызстандын Экономика министрлигинин жана Турциянын Экспортерлор ассоциациясынын жетекчилиги соода жана инвестициялар тармагында бар болгон тоскоолдуктардын маселелерин талкуулашты

Новости
01-Февраль 2019-ж.
4788

2019-жылдын 31-январында кыргыз делегациясы Кыргыз Республикасынын экономика министри Олег Панкратовдун жетекчилиги алдында Стамбул шаарында Турциянын экспортёрлор ассоциациясынын мүчөлөрү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Тараптар кыскача презентацияларды сунушташты жана эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.  

Ассоциация мүчөлөрү тарабынан иштин чөйрөлөрү жөнүндө маалыматтар сунушталды, тактап айтканда өнөр жай, текстиль, дары-дармек жана медицина препараттары, булгаары буюмдары ж.б. тармагында. Ошондой эле, Турциянын экспортёрлор ассоциациясы менен Кыргыз Республикасынын ортосунда товар жүгүртүү жөнүндө маалымат сунушталган, ал жерде белгиленгендей, товар жүгүртүүнүн учурдагы көлөмү эки тараптуу кызматташтык потенциалына жооп бербейт. Ушуну менен бирге, Тараптар белгилегендей, 2018-жылдын сентябрь айында эки өлкөнүн Президенттери өлкөлөрдүн ортосунда товар жүгүртүүнүн көлөмүн 1 млрд. АКШ доллардан ашыкка жогорулатуу жөнүндө максаттар коюлган.     

Буга байланыштуу, Тараптар эки тараптуу кызматташтыкты чыңдоо, эки тараптуу соода мамилелерин кеңейтүү, ошондой эле соода жана инвестициялар жаатында бар болгон тоскоолдуктарды жокко чыгаруу мүмкүндүгүн карап чыгуу чечими кабыл алынган. 

Кыргыз Республикасынын ыңгайлуу жайгашуусун, арзан ресурстарын жана жумуш күчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасы мүчөсү болуп саналган эл аралык уюмдарды, макулдашууларды жана келишимдерди (КМШ, ЕАЭБ, ДСУ ж.б.) эске алып, министр О.Панкратов жогорку натыйжаларга жетишүү үчүн КР аймагында өзүнүн ишин ишке ашыруу максаты менен Турция Республикасынан кубаттуулуктарды Кыргыз Республикасына которуу мүмкүндүгүн карап чыгууну Турция тарабынан сунуштады.  

Маалымат үчүн:

Турциянын экспортёрлор ассоциациясы Турциянын ири уюмдарынын бири болуп саналат, түрк бизнесинин кызыкчылыгын көрсөтөт, чет элдик рыноктордо түрк товарларын илгерилетет, Турция Республикасынын чет элдик мамлекеттер менен товар жүгүртүүсүн көбөйтөт, 61 тармактык жана региондук экспортёрлордун бирлигинен, экспорттун 27 секторлорунан жана 13 башкы катчылыктарынан турат, алар улуттук жана эл аралык деңгээлдерде экспортёрлордун кызыкчылыктарын көрсөтүшөт. Секторлордун кеңешинин мүчөлөрү 61 катышуучудан турат, экспорттун ар бир секторунан бирден.   


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу