Бишкекте "Ишкер Евразия. Бизнести өнүктүрүү жолдору" аттуу Экономикалык форум болуп өттү

Новости
24-Январь 2019-ж.
2600

2019-жылдын 24-январында "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынын "Энесай" комплексинде Ишкер Евразия. Бизнести өнүктүрүү жолдору" аттуу Экономикалык форуму ЕАЭБдин Ишкер кеңишинин, Евразия экономикалык комиссиясынын, ошондой эле Армения, Беларусь, Казакстан, Россия, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Иран, Кытай, Турция жана Түштүк Кореянын ишкер клубдарынын  өкүлдөрүнүн катышуусунда болуп өттү.  

Бул Форум ишкер кызматташуу менен биргелешип өнүгүүнү тереңдетүүгө багытталган. Форумдун программасы бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен конструктивдүү диалог түзүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачуу менен Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттер менен экономикалык кызматташуусун илгерилетүү жана  жагымдуу инвестициялык климатты түзүү боюнча аракеттерди бир жерге топтоо үчүн натыйжалуу аянтча боло алат. 

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер -министри Жеңиш Разаков куттуктоо сөзү менен чыгып сүйлөп өз сөзүндө Евразия экономикалык бирлигин түзүү демилгесинин      эң туура демилге экендигине токтоло кетти. "Бүгүнкү күндө ЕАЭБ өз алдына экономикалык лидерликке жетишүү максатын коюуда жана ЕЭКтин товарларды санариптештирүүдөгү жаңылыгы болуп товарлардын маркалоосу эсептелет"- деп  өз сөзүндө Кыргызстан биримдикке өзүнүн интеграциялык демилгелерин сунуш кылып жаткандыгына токтолду. 

Россиянын Өнөр жай жана ишкерлер бирлигинин президенти, ЕАЭБдин Ишкер кеңишинин Президиумунун мүчөсү Александр Шохин өз сөзүндө Евразия экономикалык комиссиясы менен кызматташуу тоскоолдуктарды жок кылууга өбөлгө түзө тургандыгына токтоло кетти. 

Пленардык жыйындын алкагында ЕАЭБдин Ишкер кеңишинин президенти Валерий Христенконун куттуктоо сөзүн анын орун басары  Станислав Наумов окуп берди.

Ошондой эле Россия өнөр жайчылары менен ишкерлер бирлигинин вице-президенти Александр Мурычев, ИИРдин Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Али Моджтаба Pузбехани, Казакстан Республикасынын Улуттук экономикасынын Вице-министри Айбатыр Жумагулов, Өнөр жай жана ишкерлердин Эл аралык конгрессинин кеңешинин төрагасы Валерий Казюлин, Казакстан Республикасы боюнча Жибек жолунун экономикалык алкагынын аткаруучу президенти Кажимкан Масимов, ЕЭКтин ишкердердин ишин өнүктүрүү департаментинин директору Галия Джолдыбаева, Россия фармацевтика өнөр жайы ассоциациясынын генералдык директору Виктор Дмитриев Россия Федерациясынын перспективалуу технологияларды өнүктүрүү борборунун аткаруучу директору Дмитрий Алхадов

Форумдун алкагында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги. Кыргыз өнөр-жайчылары жана ишкерлер бирлиги  менен «ИКС 5 Ретейл Групп» ААКтын ортосунда кыргыз продукцияларын ИКС 5 Ретейл Групп дүкөндөрүндө сатууну көбөйтүү тууралуу Протоколго кол коюлду. 

Ошондой эле ЕАЭБдин Ишкер кеңешинин ардак белгилери менен сыйлоо аземи болуп өттү. 

Ошону менен бирге форумдун алкагында экономиканын айрым тармактарында кызматташуунун келечегин деталдуу талкууга алуу үчүн төмөнкү багыттар боюнча талкуулар болду: 

- "Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына, ташууга жана  жеткиликтүүлүгүнө бирдиктүү мамиле жасоо. Тоскоолдуктарды жеңүү жолдору". 

-  «Digitalsolutions. Санариптик продуктулар үчүн бирдиктүү, биргелешкен тартиптерди аныктоо. Санариптик маалымат базасы жана соода аянттары"  

- «ЕАБР, АБИИ, РКФР, ФШП…-  Евразия континетин өнүктүрүүгө жеткиликтүү финансылык институттар.   Пайдалуу банк продуктулары."   

-азык түлүк рынокторун интеграциялоо боюнча ЕАЭБ кеңешинин Ишкер комитетин түзүү боюнча демилгелүү топтун демилгелери.  

Ошондой эле ЕАЭБдин Ишкер кеңешинде азык түлүк рынокторун интеграциялоо боюнча Меморандумга Россиянын соода түйүндөрү менен Кыргыз Республикасынын өндүрүүчүлөрү кол коюшту. 

Форумдун модератору Кыргыз Өнөр жай жана ишкерлер бирлигинин президенти, ЕАЭБдин Ишкер кеңешинин президиумунун мүчөсү Данил Ибраев белгилеп кеткендей, форумда иштелип чыккан сунуштар менен идеялар экономиканы туруктуу жана гармониялуу өнүктүрүүдө, экономика чөйрөсүн өнүктүрүүдөгү интеграциялык процесстердеги  бизнес-чөйрөнүн, башкаруунун жаңы инновациялык моделдерин түзүүгө жол ачат. 

Экономикалык форум Кыргыз өнөр жай жана ишкерлер бирлигинин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын, Экономика министрлигин, ӨЭЖМК жана Кыргыз Республикасындагы Россия Федерациясынын соода өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен өткөрүлдү. 


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу