ХАСПП принциптеринин негизинде тамак аш мекемелерин текшерүү жолдору түшүндүрүлдү

Новости
14-Декабрь 2018-ж.
3474

2018-жылдын 12-декабрында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология борборунда   "ХАССП, GMP, GHP маселелеринде тамак-аш мекемелерин  текшерүүдөгү тобокелдиктерге карата мамилелер" темасында семинар болуп өттү. 

Бул семинар СМБ  жана   Кыргыз Республикасындагы Азия Өнүктүрүү Банкы менен биргеликте  АӨБ тарабынан каржылануучу  " Борбордук Азия регионалдык экономикалык кызматташуусуна мүчө мамлекеттердеги  айыл чарба өнөр жай чынжырчасында тамак аш коопсуздугунун эл аралык стандарттарын ишке киргизүүнү күчөтүү боюнча регионалдык потенциалды өнүктүрүү үчүн техникалык жардам" долбоорунун алкагында болуп өттү. 

Семинарды кошумча нарк чынжырчасы жана тамак аш продукцияларынын коопсуздугу боюнча эл аралык эксперт Фредерик Мэнс жана улуттук эксперт Эдиль Калашев өткөрдү. 

Семинардын жүрүшүндө СМБ, КАБ, Ветеринардык жана фитосанитардык инспекция, Экономика министрлиги , ССМдин оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти, айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөр, ХАССП-SGS Group боюнча бизнес тренерлер ХАССПП принциптеринин негизинде өнөр жай ыкмаларын жана,  мыкты өнөр жай, гигиеналык тажрыйбаны ишке киргизүү маселелери менен байланышкан маселелерди талкуулашты. 


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу