Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорту 1.2% жогорулады

Новости
14-Декабрь 2018-ж.
3717

2018-жылдын январь-октябрында Кыргызстандын продукцияларын ЕАЭБ мамлекеттерине экспорттоо өткөн жылдын ушул мезгилине карата 1,2% жогорулап 466,2 млн. АКШ долларын түздү. 

ЕАЭБ өлкөлөрү Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн товарлардын негизги кардары экендигин белгилүү. Мисалга, сүт продукциясынын экспортунун 93% , мөмө-жемиштер менен түрдүү жаңгактардын 71%, канттын-98%, пахта буласынын -37%, кийим жана тиешелүү нерселер-99%, айнек жана айнек буюмдары-56% экспорту ЕАЭБ мамлекеттерине туура келет. 

Ушул жылдын 10 айындагы импорт 1млрд.434,1млн.АКШ долларын түзүп өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,5% төмөндөдү. 

ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келүүчү импорт негизинен республикада жок жана өндүрүүдө жетишсиз болгон өнөр жай максаттары үчүн зарыл болуучу сырьелор, күнүмдүк керектүү товарлар,  энергияпродукциялар менен жүргүзүлөт. Ошентип, энергопродукциялар (көмүр, жаратылыш газы, нефть), буудай жана буудай уну-100%,   түрдүү таштар (гранит, мрамор ж.б.) акиташ флюсу-80% жогору, кара металл жана сөңгөктөр-90%, таш,гипс, цемент-80%, органикалык эмес продукция-60% жогору, жер семирткичтер-52% түзгөн.

 


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу