Экономика министрлигине министрдин жаңы орун басары Дастан Кадыров тааныштырылды

Новости
03-Декабрь 2018-ж.
2210

Бүгүн 2018-жылдын 3-декабрында Кыргыз Республикасынын   Экономика министрлигинин Чоң залында министр Олег Панкратов эмгек жамаатына министрдин жаңы орун басары Дастан Курманбекович Кадыровду тааныштырды.  

Премьер-министр 2018-жылдын 30-ноябрында №716 тиешелүү буйругуна  кол койгон.  

Министр белгилеп кеткендей Д.Кадыров ак ниет жана компетенттүү адис, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине дайындалганга чейин мамлекеттик салык инспектору, ички контрол бөлүмүнүн сектор башчысы, Бишкек шаарынын Ленин району,  Биринчи май райондору боюнча МСКнын тышкы контрол бөлүмүнүн башкы салык инспектору, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы МСКнын тышкы контрол боюнча башкы салык инспектору, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы ири салык төлөөчүлөрдү текшерүү бөлүмүнүн начальниги кызматтарын аркалап келген.  Ошону менен жеке компанияларда, анын ичинде Москва шаарында  да иштөө тажрыйбасы бар. Фискалдык саясат боюнча көз карандысыз эксперт болгон.   

Министр О.Панкратов Д.Кадыровго фискалдык саясат меселесин жетектөөгө алуучу жаңы кызмат ордунда ийгилик каалап өттү. Ошондой эле мындан ары, жоопкерчиликти жана кесипкөйлүктү талап кылган мамлекеттин экономикалык саясатын ишке ашырууда көп эмгекти бардык аракетин жумшай тургандыгына ишеним артты. 


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу