Ишкерлерди тейлөө борборлорун түзүү жөнүндө

Новости
14-Декабрь 2018-ж.
3614

Учурда Кыргыз Республикасында ишкердик активдүү өнүгүүдө . Мамлекеттик органдар тарабынан  ишкердик ишти өнүктүрүүнү колдоого багытталган түрдүү чаралар көрүлүүдө.  

Бирок ишкердик ишти туруктуу өнүктүрүү үчүн ишкер субъекттерде маалымат, консультация  алуу, ошондой эле ишкерликти жүргүзүүгө окуу зарылчылыгы пайда болот. 

Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасында ишкер субъекттерге мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында Экономика министрлиги бизнес коомчулук  жана өнүгүү боюнча өнөктөштөр (JICA  жана ОБСЕ)   менен бирге  ишкерликти колдоо борборлорун(ИТБ) түзүү боюнча Өкмөттүн токтом долбоорун иштеп чыкты.

"Ишкерлерди тейлөө борборлорун түзүү жана  ишин уюштуруу концепциясын бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору Ишкерлерди тейлөө борборлорун ачуу аркылуу ишкерликке колдоо көрсөтүү боюнча таасирлүү механизмдер менен бирдиктүү аянтча түзүү боюнча Жогорку Кеңештин 2018-жылдын 20-апрелиндеги  №2377-VI  токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын 2018-2020-жылдарга карата "Биримдик. Ишеним. Жаратмандык"  өнүктүрүү программасын ишке ашыруу максаттарына ылайык иштелип чыккан.

ИТБ ишкерликти жүргүзүү маселелери боюнча маалымат жана консультация берүү жолу менен ишкерликке колдоо көрсөтөт, ошондой эле жаңы ишкерлерди окутууларды жана башка кызматтарды көрсөтөт. 

ИТБны  башталгыч этабында Бишкек жана Ош шаарларында түзүү менен келечекте өлкөнүн региондорунун баарында ачуу пландаштырылууда 

ИТБны өнүктүрүү маселеси ишкердикти өнүктүрүүгө  мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн негизин түзүү менен  бизнес-коомчулук менен биргеликте мамлекет тарабынан арт тараптуу колдоо көрсөтүүгө багытталган. 

 

Учурда долбоор  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кароосунда. 



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу