Бизнес-омбудсмен институтунун түзүлүшү жөнүндө

Новости
14-Декабрь 2018-ж.
3504

Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Ишкер субъекттердин укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу жак жөнүндө" токтомунун долбоорун (мындан ары-Долбоор) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын кароосуна киргизди.

Аталган долбоор ишкерлердин укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын мамлекеттик коргоо кепилдигин камсыз кылуу жана аларды мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мекемелердин жана мамлекеттик ишканалардын жетекчилеринин сактоосун камсыз кылуу  максатында иштелип чыккан. 

 Токтом долбоору төмөнкүдөй ченемдик укуктук актыларды ишке ашырууга даярдалган:

-Жогорку Кеңештин 2016-жылдын 31-мартындагы ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуунун (бизнес Омбудмсендин) кызмат ордун түзүүнү караган "Тышкы рынокко товарларды өндүрүү жана илгерилетүүдө ишкердикти өнүктүрүү, инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн саясаты жөнүндө" токтомунун 2-пункту; 

-   ишкерлер менен бизнестин кызыкчылыктарын максаттуу жана өз мезгилинде коргоо үчүн бизнес-омбудсмен институтун киргизүүнү караган 2018-жылдын 20-апрелиндеги токтому менен бекитилген  Кыргыз Республикасынын 2018-2020-жылдарга карата "Биримдик. Ишеним. Жаратмандык"  өнүктүрүү программасынын 6.7.14.пункттары.

 Ушул токтом долбоору менен ишкер субъекттердин укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуунун (Бизнес-омбудсмен) кызмат ордун түзүү сунуш кылынат жана Ыйгарым укуктуу институтунун укуктук  жана институционалдык негиздерин аныктоочу     Жобону бекитүү сунуш кылынат. 

 Бизнес-омбудсмен  өзүнө берилген ыйгарым укуктар менен милдеттерге ылайык ишкер субъекттердин мыйзамдуу кызыкчылыктары менен алардын укуктарынын бузулуусунун алдын алуу максатында  мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишиндеги ачыктыкка көмөк көрсөтөт.  

 Ошондой эле Бизнес-омбудсмен катчылыгын түзүү да каралууда,б.а. иш милдеттери менен ишин ишке ашырууга көмөк көрсөтүүгө  Бизнес-омбудсмен аппаратын ошондой эле   ишин камсыз кылууга  уюштуруу-техникалык камсыздоону түзүү каралууда.  


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу