Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинде Экономика, соода жана өнөржай министрлигин эл аралык регионалдык саясат маселелери боюнча башкы директордун орун басары баш болгон Япония делегациясы менен эки тараптуу жолугушу

Новости
04-Май 2012-ж.
3436

04.05.12. Кыргыз Республикасынын Экономика жана монополияга каршы саясат министрлигинде статс-катчынын милдетин аткаруучу Айдай Курманованын катышуусунда Экономика, соода жана өнөр жай министрлигинин эл аралык регионалдык саясат маселелери боюнча башкы директордун орун басары Кэндзи Гото мырза баш болгон Япония делегациясы менен эки тараптуу жолугушуу өттү.

""
Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптык экономикалык кызматташууну чыңдоо, инвестирлөө үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча маалыматтык түйүндөрдү натыйжалуу пайдалануу жана тоо-кен казуу/энергия менен камсыздоо тармагында өз ара аракеттешүү маселелери талкууланды.
Статс-катчынын милдетин аткаруучу Айдай Курманова белгилеп кеткендей, 2011-жылы Кыргызстандын товар жүгүртүүсүндө Япониянын үлүшү 2,5%ды түздү. 2011-жылы Кыргызстанга Япониядан келген чет өлкөлүк түз инвестициянын көлөмү 200 миң АКШ долларын түзгөн. Ушуга байланыштуу эки тараптын ортосундагы товар жүгүртүү мындан ары да көбөйөөрүнө ниетин билдирди.
Өз кезегинде, Япониянын Экономика министрлигинин эл аралык регионалдык саясат маселелери боюнча башкы директордун орун басары К. Гото мырза мындан ары кызматташууну чыңдоого көмөк көрсөтүүнү өтүндү жана геологиялык чалгындоо чөйрөсүндө эки тараптык ийгиликтүү өз ара аракеттешүүгө ниеттенди. Атап айтканда маалыматтык системаны жайылтуу Кыргызстанга инвестицияларды тартууда жагымдуу таасир калтырат.

""
Ошондой эле, бул келүүнүн негизги максаты болуп энергия менен камсыздоо жана тоо кек өнөр жай чөйрөсүндө ведомстволор аралык 2 макулдашууга кол коюу саналат.
Макулдашууга кол коюу салтанаты Ала-Арча” Мамлекеттик резиденциясынын Конгресс холлунда Кыргыз Республикасынын Биринчи вице-премьер-министри Аалы Карашов менен Кыргыз Республикасындагы Япониянын Туруктуу жана Ыйгарым укуктуу элчиси Мин Маруонун катышуусунда өттү.

""

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу