Жеңил өнөр жайы экономиканын бирден бир артыкчылыктуу тармактарынан болуп эсептелет. Текстиль продукциясы жыл сайын 190 млн. доллар суммасындагы продукция өндүрүп, анын ичинде 160 млн. долларлык продукция Россия менен Казакстанга экспорттолот. Текстиль-тигүү тармагынын 80% тигүү өнөр-жайы түзүп ал жеке ишкерлер тарабынан ишке ашырылат.
Тигүү тармагынын динамикалык өнүгүүсүнүн натыйжасында Made in Kyrgyzstan” продукциясы Евразия экономикалык биримдигинин рыногунда өз ордун таба алды, ошону менен бирге Борбордук Азия менен Казакстандын жана Россиянын миллиондогон керектөөчүлөрүнүн ишенимине ээ боло алды.
Жеңил өнөр жайын өнүктүрүү үчүн өнөр-жай өндүрүшүнүн толук циклин түзүү пландаштырылууда, ага пахтаны кайра иштетүүдөн баштап даяр продукцияны чыгарууга чейинки процесс камтылуусу зарыл. Учурда тигүү мекемелери сырье жана тигүү материалдары катары импорттолгон продукцияны иштетип келишүүдө, ошол эле мезгилде бизде пахта өстүрүү жана кайра иштетүүдөн баштап даяр продукцияны алуу үчүн бүтүндөй бир кластер түзүүгө мүмкүнчүлүк бар.
Бул көргөзмөдө Кытайдан, Турциядан, Өзбекстандан жана башка өнөктөш-мамлекеттерден өнөктөштөр катышат, бул экспорттун өнүгүүсүнө чоң мүмкүнчүлүктөрдү жаратат, ошону менен бирге сатуу үчүн жаңы рынокторду өздөштүрүүгө, текстиль өнөр-жай ишканаларынын ортосундагы социалдык диалогду активдештирүүгө жана ата-мекендик товарлардын үлүшүн жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет.