Экономика министрлигинде “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” Кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун талкуулашты.

Новости
21-Август 2013-ж.
3279

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Кичи залында 2013-жылдын 21-августунда Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” КР Кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Мыйзам долбоорун талкуулоо боюнча тегерек стол болуп өттү.

Бул мыйзам долбоордун максаты болуп, айдоочунун күбөлүгү кандай укук бузууларда алынат, жана ошону менен бирге кандай укук бузууларда транспорттук каражаттар жазаланган авто туруучу жайга жеткизилет, мына ушул укук бузуулардын түрлөрүн конкреттештирүү саналат.
Тегерек столдо баардык кызыктар тараптар катышышты. Анын ичинде КР Жол күзөт кызматынын (ЖКК), Ташып жеткирүүчү такси ассоциациянын, автомектептин жана ташып жеткирүүчү маршруттук таксинин өкүлдөрү катышышты.

Талкуулоонун жүрүшүндө бир нече сунуштар жана сын-пикирлер айтылды. Мыйзам долбоорун иштеп чыккандар баардык сунуштарды жана сын-пикирлерди Экономика министрлигине жазуу түрүндө берүүсүн суранышты.

Талкуулоонун жыйынтыгында мыйзам долбоорунун максатына туура келген сунуштарды эске алып, мыйзам долбоорун иштеп чыгуу чечими кабыл алынган.
Азыркы убакта КР ИИМ ЖККнын кызматкерлери менен айдоочунун күбөлүгүн алуу боюнча укугу бардык тартип бузууларда жана протоколдорду түзүүдө колдонулат, ал административдик укук бузуу жөнүндө мыйзамын бузуу болуп саналат (укук бузуунун 61 түрүндө жүргүзүлөт). Мыйзам долбоор менен 567 беренеге өзгөртүүлөр киргизилип жатат, анда транспорттук каражатты башкаруу укугунан ажыратуу түрүндө жаза колдонууга алып келе турган административдик укук бузууда гана айдоочунун күбөлүгүн алуу колдонулат. Андан башка укук бузууларда айдоочунун күбөлүгүн алууга уруксат берилбейт.

Акыркы убакта КР ИИМ ЖККнын кызматкерлери тарабынан коммерциялык түзүлүштөрдүн транспорттук каражаттарын акы төлөнүүчү авто туруучу жайларга жеткирүү жана кармоо учурлары көбөйдү. Көбүнчө учурларда айып менен эле чектелсе мүмкүн болмок. Ушуга байланыштуу ишкерлер өндүрүштүк чыгаша тартып жатышат.

Ошондуктан 568 беренеге өзгөртүүлөр киргизилип жатат. Бул өзгөртүүлөр атайын айып салынуучу авто турган жайларга убактылуу сактоо үчүн транспорттук каражаттарды кармоо жана жеткирүү учурларын конкреттештирет. Колдонуудагы мыйзам менен транспорттук каражаттарды кармоо жана аларды атайын айып салынуучу авто турган жайларга убактылуу сактоо үчүн жеткирүү Административдик Кодекске ылайык укук бузуунун 33 түрүндө жүргүзүлөт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу