2013-жылдын январь-июль айларына Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү боюнча кыскача экспресс-маалымат.

Анализ цен
14-Август 2013-ж.
2492

2013-жылдын башынан мурунку жыл менен салыштырганда экономикада оң өзгөрүүлөр болду, негизинен ал өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүн арбытуу жана ушул жылы айыл чарбада алгалап өсүү темпинин эсебинен болду.

2013-жылдын январь-июль айларынын жыйынтыгы боюнча, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин алдын ала баалоосу боюнча, 2012 - жылдын январь-июлундагы 6,0% реалдуу төмөндөөгө каршы ички дүң продуктунун (ИДП) көлөмү 165,7 млрд. сом суммасында түзүлүп жана 7,8%га реалдуу өскөн. “Кумтөр” кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда ИДПнын реалдуу өсүшү 105,6%ды түздү, 2012-жылдын тийиштүү мезгилинде мындай көрсөткүч 103,5%ды түздү. ИДПнын дефлятору 103,3% деңгээлинде түзүлдү.

Экономиканын өсүшүн экономиканын бардык секторлору камсыз кылды, оң салымын кошкондор: айыл чарбада - 0,7 пайыздык пунктта, өнөр жайда – 2,5 пайыздык пунктта, курулушта – 0,8 пайыздык пунктта, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө – 2,7 пайыздык пунктта бааланды.

1-таблица

ИДПны түзгөн секторлор боюнча өсүш структурасы жана темптери

"33/"

Номиналдык ИДПнын структурасында товар өндүргөн тармактардын үлүшү 0,4 пайыздык пунктка кыскарды жана 35,1%ды түздү. Кызмат көрсөткөн тармактардын үлүшү 0,3 пайыздык пунктка көбөйүп жана 50,0 %ды түздү.
Өнөр жай. 2013-жылдын январь-июлунда өнөр жай ишканалары 72,8 млрд. сом суммасына продукция өндүрдү, же болбосо өндүрүштүн көлөмү 2012-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 16,2%га өстү. «Кумтөр» кенин иштетүү боюнча ишканаларды эске албаганда – 45,6 млрд. сом, же реалдуу өсүштүн темпи 101,3%ды түздү.
Өнөр жай продукциясын өндүрүү көлөмүнүн жогорку деңгээли 2012-жылдын январь-июлундагы өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүнүн төмөн базасы менен шартталган (терс салым - 7,1 пайыздык пункт), ошонун өзү менен, 2013-жылдын январь-июлунда ИДПнын структурасында 2,5 пайыздык пункт болгон алда канча зор оң салымды камсыз кылды, мында негизги үлүштү кайра иштетүү өнөр жайындагы өндүрүш ээлейт.

(1). Иштетүүчү өнөр жайда 2013-жылдын январь-июлунда эң жогорку салыштырма салмагы менен (77,9%), продукциянын көлөмү 48,6 млрд. сомду түздү жана 2012-жылдын январь-июлу менен салыштырганда 23,6%га өстү, негизинен төмөнкүлөрдө көлөмдөрдү арттыруунун эсебинен көбөйдү:
- металлургиялык өндүрүштө жана даяр металл буюмдарын өндүрүүдө, мында иш жүзүндөгү көлөмдүн индекси 150,9%ды түздү;
- башка металл эмес минералдык продуктыларды өндүрүүдө 33,6 %га.

Металлургиялык өндүрүштөгү кыйла өсүш Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларда өндүрүштү калыбына келтирүү менен шартталган, өнөр жайда анын салыштырма салмагы – 37,3%ды, ал эми ИДПнын структурасында 6,6 %ды түзүп, жогору бойдон калууну улантууда.

Башка металл эмес минералдык продуктыларды өндүрүү көлөмүн (өнөр жайдын жалпы көлөмүндө салыштырма салмагы – 10,8%) 1,3 эсе көбөйтүү курулуш максаттары: кыштарды, көтөрүп турган блокторду жана аналогдук чопо, өрткө туруштук бербеген буюмдарды 13,9%га, цементти – 42,9 %га, акиташты – 6,3%га; цементтен жасалган плиткаларды, плиталарды жана ушундай буюмдарды, бетонду же колго жасалган ташты (брусчатка) – 30,5%га, кум-блокту, курулуш үчүн чогултулуучу конструкциялардын элементтерин, бетондон жасалган чогултулуучу курулуш конструкцияларын – 1,3 эсе, курулуш аралашмаларын – 3,1 эсе өндүрүү үчүн буюмдарды чыгаруу боюнча өткөн жылдардагы деңгээлдерди жогорулатуунун эсебинен камсыз кылынды.

Курулуш материалдарын өндүрүү көлөмдөрүнүн жогорку темптери курулуш секторунун активдешүүсү менен шартталган, ал үстүбүздөгү жылдын 7 айында курулуштун дүң продукциясынын 17,6%га өсүшүн камсыз кылды.
Мындан тышкары, узакка созулган оңдоодон кийин 2012-жылдын июлунда ишке киргизилген «Интергласс» ЖЧКнын өндүрүшүнүн көлөмүн арттыруунун эсебинен, 2012 – жылдын тиешелүү мезгилиндеги 604,9 миң чарчы метрге каршы 2013-жылдын январь-июлунда 15856,6 миң чарчы метр түз айнек өндүрүлгөн.

Ошондой эле жыгачты иштетүүдө жана жыгачтан жасалган буюмдарды өндүрүүдө өсүштүн оң темптери – 24,4%га; целлюлоза-кагаз өндүрүшү жана басма иши – 15,8%га; химиялык өндүрүш – 22,1%га; резина жана пластмасса буюмдарын өндүрүү – 6,2%га; транспорт каражаттарын жана жабдууларды өндүрүү – 29,7%га; терини, териден жасалган буюмдарды чыгаруу жана бут кийим өндүрүү – 20,6%га; электр жабдууларын, электрондук жана оптикалык жабдууларды өндүрүү – 12,0%га камсыз кылынды.
Мында тамак-аш азыктарын, анын ичинде суусундуктарды жана тамекини өндүрүүдө (5,4%га), текстиль жана тигүү өндүрүшүндө (7,5%га) көлөмдөр төмөндөп жатканын белгилей кетүү керек, алардын суммалык салыштырма салмагы өнөр жайдын жалпы структурасында 18,4%ды ээлейт.

Табыштамалардын жоктугунан (тигүү продукциясына Россия Федерациясынын суроо-талабынын төмөндөшү, ал жазгы сезондун жылуу мезгили кеч келиши менен байланышкан) улам жана рынокто импорттук товарлардын болушунан, ошондой эле айрым өндүрүштөрдүн сезондук мүнөзүнөн улам ишканалардын токтоп турушу текстиль жана тигүү өндүрүшүнүн көлөмү азайышынын негизги себеби болуп саналат.

(2) Электр энергиясын, газды жана сууну өндүрүүдө жана бөлүштүрүүдө 2012-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда өсүш темптери солгундагандыгы байкалат. 2013-жылдын январь-июлунда өндүрүштүн көлөмү 13,5 млрд. сомду түздү, электр энергиясын иштеп чыгуунун көлөмү – 6,8%га, жылуулук энергиясын бөлүштүрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр (жылуулук энергиясын сатып алуу наркын кошпостон) – 4,0%га, электр энергиясын бөлүштүрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр (электр энергиясын сатып алуу наркын кошпостон) – 5,6%га төмөндөшүнүн эсебинен и.ф.о. 97,4%ды түздү, ал суу аз мезгил келгендиги жана ушундан улам Токтогул суу сактагычындагы суу-энергетикалык ресурстарды сактоо максатында экспорттук берүүлөрдүн көлөмүн кыскартуу менен шартталган.

2013-жылдын январь-июлунда электр энергиясын иштеп чыгуу 8078,1 млн. кВт-саатты түздү же 2012-жылдын тиешелүү мезгилине карата 93,2% түздү.
(3) 2013-жылдын жети айынын жыйынтыгы боюнча тоо-кен өнөр жайында (салыштырма салмагы – 3,5 %) продукция өндүрүүнүн көлөмү 2,5 млрд. сом суммасында түзүлдү, металл кенин (кендер жана алтын камтылган концентраттар) - 31,7 %га казып алууну бир кыйла кыскартуунун эсебинен 2012-жылдын тиешелүү мезгили менен салыштырганда өсүштүн көлөмү 5,4%га азайды.

Ушуну менен бирге, таш көмүрдү, лигнитти жана чым көңдү казып алуу – 15,6%га, чийки нефть жана жаратылыш газын – 3,5%га, эстеликтер же курулуш үчүн мраморду жана аки ташты – 1,9 эсеге, гранулдарды, кумалак таштарды жана таш күкүмүн; кум-ташты, майда ташты, шагылды же майдаланган ташты алуу – 2,2 эсеге, жаратылыш кумун – 7,9 %га жана топурак менен каолинди (фарфор аралашмасы) алуу – 32,8%га өстү.

Айыл чарба. 2013-жылдын январь-июлунда республиканын бардык категориялардагы чарбалары колдонуудагы бааларда 72,4 млрд. сомго дүң продукция өндүрдү жана реалдуу түрдө – 4,2%га өстү, анын ичинде мал чарба тармагы боюнча – 1,6%ды (45,7 млрд. сом), ал эми өсүмдүк чарбачылыгында – 9,4%ды (25,1 млрд. сом) түздү.
Айыл чарбасы тарабынан ИДПны түзүүгө оң салым 0,7 пайыздык пунктту түзүп, ИДПны өндүрүү структурасында анын салыштырма салмагы - 14%ды түздү.
Өсүмдүк чарбасынын негизги үлүшүн жашылча өсүмдүктөрү (баардык продукциядан 20%) түзүп, 2012-жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 2,2%га, буудай-19,2%га (өсүү темпи-174,1%) өстү.

2013-жылдын 1-августуна карата республиканын бардык категорияларындагы чарба жүргүзүүчү субъекттер тирүү салмактагы 189,1 миң тонна этти өндүрдү, бул 2012-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 2877 тоннага же 1,5%га көп.
250,5 млн. даана жумуртка өндүрүлгөн, бул өткөн жылдын тиешелүү мезгилинин деңгээлине карата 7609 миң даанага көп же 103,0 % ды түзөт. 799,8 миң тонна сүт өндүрүлгөн, бул 2012-жылдын тиешелүү мезгилинен 15,3 миң тоннага же 1,9 %көп.

Курулуш. Курулуш комплексинде капиталдык салымдардын көлөмүнүн көбөйүшү белгиленүүдө. 2013-жылдын январь-июлунун жыйынтыктары боюнча финансылоонун бардык булактарынын эсебинен негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 26,8 млрд. сомду түздү жана 10,9 %га көбөйдү.
Негизги капиталга инвестициялардын өсүшү, кайра иштетүүчү өнөр жай объекттерин куруунун көлөмүн – 2,3 эсе, мейманканалар менен ресторандарды – 1,9 эсе, саламаттык сактоо жана социалдык кызмат көрсөтүү объекттерин – 1,6 эсе жана турак-жай курулушун- 1,3 эсе көбөйтүүнүн эсебинен камсыз кылынды. Мында негизги капиталга инвестициялардын жалпы көлөмүндө алардын салыштырма салмагы (2012-жылдын январь-июлундагы 34,1%дын ордуна) 46,9 %ды түздү.
Жалпы өздөштүрүлгөн капиталдык салымдардын ички инвестициялык каражаттардын суммардык үлүшү – 69,6% (капиталдык салымдардын өсүшүнө болгон аманаттар терс болуп – (-0,23) пайыздык пунктту түздү) жана тышкы – 30,4 %ды түздү.

Курулуштун дүң продукциясынын жалпы көлөмү 2013-жылдын январь-июлунда 25,3 млрд. сомду түздү, ал 17%га көбөйдү. Курулуштун дүң продукциясынын өсүшү аткарылган курулуш подряддык жана башка иштердин, имараттар менен курулмаларды баштан-аяк жана учурдагы оңдоонун көлөмү көбөйүшү менен камсыз кылынды.
Экономикалык өсүштүн темптерине курулуш секторунун таасири оң болду жана ИДПны калыптандырууга салым 0,8 пайыздык пунктту түздү, ИДПны өндүрүү структурасында анын салыштырма салмагы – 4,8%.

Кызмат көрсөтүү чөйрөсү. 2013-жылдын январь-июлунда кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн дүң өндүрүүсү 6,2%га реалдуу өсүш темпи менен 149,7 млрд. сом көлөмүндө түзүлдү. Кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн өсүшүнө салым соода тарабынан камсыз кылынды, анда кошумча өсүш 8,5% (салым – 2,4 п.п.), транспорттун жана байланыштын кызмат көрсөтүүлөрү – тиешелүү түрдө 7,4% жана 18,9%, (салым – тиешелүү түрдө 1,03 жана 1,67 п.п.).
Кызмат көрсөтүү чөйрөсү тарабынан ИДПны калыптандырууга оң салым салмактуу болуп саналат жана 2,7 пайыздык пункт деңгээлинде бааланат, ИДПны өндүрүү структурасында анын салыштырма салмагы 50,0%ды түзөт.

Сооданын дүң өндүрүүсү 44,0 млрд. сом көлөмүндө түзүлдү жана 8,5%га көбөйдү, кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн структурасында 29%га жакынды ээлейт. Мында соода, автомобилдерди, турмуш-тиричилик буюмдарын жана жеке пайдалануудагы буюмдарды оңдоо 153,4 млрд. сомду түздү жана 2012-жылдын январь-июлу менен салыштырганда 8,5%га өстү. Анын ичинде чекене соода 8,3%га өстү.

Транспорттун кызмат көрсөтүүлөрүнүн дүң өндүрүүсү 21,7 млрд. сом көлөмүндө түзүлдү, реалдуу өсүш темпи 107,4%ды түздү, мында транспорттун бардык түрлөрү ташыган жүктөрдүн көлөмү 5,0%га өстү. Үстүбүздөгү жылдын отчеттук мезгилинин ичинде автомобиль транспорту менен жүк ташуунун көлөмүнүн өсүшү жеке ишкерлер аткарган ташуулар көбөйүшүнүн эсебинен шартталган. Транспорттун бардык түрлөрү аткарган жүргүнчүлөрдү ташуулар отчеттук мезгилдин ичинде 30,%га өстү.
2013-жылдын январь-июлунда почта жана электр байланышынын кызмат көрсөтүүлөрүнүн дүң өндүрүүсү 18,9%га өстү жана 14,1 млрд. сомду түздү. Байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнүн өсүшү уюлдук байланыш кызмат көрсөтүүлөрүнүн кеңейиши, Интернетке жеткиликтүүлүк, санариптик телеберүүнүн киргизилиши; банк системасынын жана банктык эмес финансы-кредиттик мекемелердин ресурстук базасынын кеңейиши менен түшүндүрүлөт.

Мейманканалардын жана ресторандардын кызмат көрсөтүүлөрүнүн дүң өндүрүүсү 6,6 млрд. сом көлөмүндө түзүлдү, реалдуу өсүш темпи 111,3%ды түздү, мында мейманканалардыкы – 115,8%, ресторандардыкы – 110,5%. Мейманканалардын жана ресторандардын кызмат көрсөтүүсүнүн өсүшүнө туристтик кызыкчылыкты арттыруу боюнча чаралар: туристтик жармаңкелерди жана фестивалдарды өткөрүү, өлкөнүн туристтик потенциалы жөнүндө маалымат роликтерин чет өлкөлүк жана ата-мекендик ЖМКларда чагылдыруу түрткү болду.

Керектөө бааларынын индекси . Инфляциянын деңгээлин мүнөздөгөн керектөө бааларынын индекси 101,2%ды түздү (2012-жылдын декабрына карата 2013-жылдын июлу). Инфляциянын орточо жылдык саны (2012-жылдын январь – июлуна карата 2013-жылдын январь – июлу) 107,8%ды түздү.

2-таблица

2012-2013- жылдардын январь-июлунда Кыргыз Республикасында керектөө товарларына жана кызмат көрсөтүүлөрүнө баалардын индекси

"34/"

 

 

Азык-түлүк продуктыларына баалардын жиктелип түзүлүшү мүнөздүү болду, бул дүйнөлүк рыноктордун бир аз стабилдүүлүгүнө негизделген (импорттогон мамлекеттер). Мындан сырткары, сырткы рыноктордо түзүлүп жаткан буудайдын баасы олуттуу таасирин тийгизип жатат, анткени дүйнөлүк баалар ички баалардын түзүлүшү үчүн индикатор болуп эсептелет. FAO UN уюмунун маалыматтары боюнча июль айында баалар төмөндөгөн жана ошол боюнча 3 ай бою уланып келе жатат.

Маалымат үчүн: Жаңы маалыматтар боюнча 2013-жылы дүйнө жүзүндө дан өндүрүүнү кыйла (7,2 %га) 2479 млн. тоннага чейин жаңы рекорддук деңгээлде жогорулатуу тууралуу болжол тастыкталып жатат. Буудайды өндүрүү 2013-жылы 6,8%га чейин же 704 млн. тоннага чейин жогорулашы керек, мындайча айтканда анын мурунку жылдагы кыскаруусунан кийин өндүрүштүн көлөмү толук калыбына келүүсү менен бирге, көп жылдар бою болбогон көлөм өндүрүлөт. КМШдагы негизги өндүрүш мамлекеттеринде 2012 - жылдын кургакчылык менен байланышкан өндүрүштүн төмөн көлөмдөрүнө салыштырмалуу өндүрүштүн бир кыйла өсүшү күтүлүүдө.

2012-жылдын декабрына салыштырганда үстүбүздөгү жылдын январь – июлунда тамак-аш азыктарына керектөө бааларынын төмөндөшү 0,4%ды түздү (керектөө куржунундагы салыштырма салмак 48,1%ды түзөт). «Нан азыктары жана акшак» товардык тобунун баасы 1,8%га, анын ичинде жогорку жана биринчи сорттогу буудай унунун баасы тиешелүү түрдө 2,1 жана 3,9%га төмөндөдү.

Каралып жаткан мезгилде мөмө-жашылча продукциясына баалардын динамикасы ар башка багытта болгону байкалды, анын ичинде жемиштерге баа – 12,5%га кымбаттады, ал эми жашылчаларга сезондук факторлордун таасиринен 3,2%га арзандады.
Бир катар продуктылар боюнча, атап айтканда, этке – 2,1%га жана алкоголсуз суусундуктарга – 7,5%га, кантка 0,9%га баалардын өсүшү болуп өттү.
2012-жылдын декабрына салыштырганда алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге баанын өсүшү 4,5%ды түздү (керектөө куржунунда алардын салыштырма салмагы 9,2%ды түзөт), алардын ичинен: алкоголдук ичимдиктер – 4,8%га жана тамеки 3,0%га кымбаттады.

2012-жылдын декабрына салыштырганда каралып жаткан мезгилде азык-түлүк эмес товарларга керектөө бааларынын индекси 2,3%га көбөйдү (керектөө куржунунда салыштырма салмагы 28,9%ды түзөт). Анын ичинде кийимге жана бут кийимге – 6,2%га жана үй тиричилигинин буюмдары менен турмуш-тиричилик техникасына 3,1%га жогорулады.

Каралып жаткан мезгилдин ичинде акы төлөнгөн кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер 2,2%га өстү (керектөө куржунунда салыштырма салмагы 13,7%ды түзөт). Бул топ боюнча баалардын өсүшү негизинен амбулаториялык кызмат көрсөтүүлөр – 11,6%га, транспорттук кызмат көрсөтүүлөр – 1,2%га, ресторандардын жана мейманканалардын кызмат көрсөтүүлөрү – 3,1%га жана маданий иш-чараларды уюштуруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр – 1,9%га кымбатташынын эсебинен болуп өттү.

Каралып жаткан мезгилде баалардын жогорулашы Баткен облусунан башка бардык региондордо болуп өттү. Баалардын алда канча көп жогорулашы Ош облусунда белгиленди, бул жерде баанын өсүшү 2,2%ды түздү, анын ичинде тамак-аш азыктарына баа – 0,9%га, азык-түлүк эмес товарларга – 2,9%га жана кызмат көрсөтүүлөргө - 3,1%га өстү. Ошондой эле баа Чүй жана Нарын облустарында өстү, ал жерлерде баанын өсүшү 1,8 %ды түздү.

Баанын төмөндөшү Баткен облусунда белгиленди, ал жерде инфляциянын деңгээли – 1,7%ды түздү, мында тамак-аш азыктарына баа – 3,7%га, азык-түлүк эмес товарларга 2,7%га арзандады, ал эми кызмат көрсөтүүлөргө, тескерисинче, 2,3%га кымбаттады.
Тышкы соода жүгүртүүсү. Кыргыз Республикасынын тышкы соода жүгүртүүсү 2013-жылдын январь-июнунда 3298,2 млн. АКШ долларын түздү, бул 2012-жылдын ушундай мезгилине салыштырмалуу 8,7%га жогорулады.

2012-жылдын ушундай мезгили менен салыштырганда 2013-жылдын январь-майында экспорттук берүүлөр 5,7%га азайды жана 655,5 млн. АКШ долларын түздү, азаюу текстилдин жана текстиль буюмдарынын – 1,6 эсе, айыл чарба чийки затынын – 8,3%га жана ошону менен бирге алтындын – 5,5%га кыскарышынын эсебинен болуп өттү.
Импорт. 2013-жылдын январь-июнь айларына импорттук келип түшүүлөр 2642,7 млн. АКШ долларын түзүп, 13,0%га жогорулады,

 

 

 

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу