Кыргызстан менен Катар авиациялык каттамдар тармагындагы кызматташуу жөнүндө талкуулашты

Новости
13-Март 2017-ж.
1859
2017-жылдын 14-мартында Доха шаарында Кыргыз Республикасынын экономика министри Арзыбек Кожошевдин «Катар Эйрвейз» катар авиакомпаниясынын жетекчиси Акбар Аль-Бакер менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Катар мамлекетинин ортосундагы авиациялык каттамдар тармагындагы кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Тактап айтканда, министр А.Кожошев мындан аркы кыргыз-катар соода-экономикалык, инвестициялык, маданий жана өз ара туристтик мамилелерди өнүктүрүү үчүн Бишкек менен Доханын ортосунда авиа каттамдарды ачуу зарыл экендигин белгиледи

Ушуга байланыштуу ал Кыргызстан менен араб мамлекеттеринин ортосунда жүргүнчүлөр менен жүктөрдү ташуу үчүн Манас” Эл аралык аэропортунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берди.


Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар эки борбордун ортсунда түз аба каттамдарын ачуу боюнча маселени талкуулоону улантууну макулдашты.
Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу