Тажикстандын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнө КР баалоо иштери боюнча материалдар презентацияланды

Новости
16-Июль 2018-ж.
2269

2018-жылдын 16-июлунда Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде Тажикстан Республикасынын бир катар мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнөн турган делегация үчүн Кыргызстанда баалоо иштерин өнүктүрүү боюнча министрликтин иши жөнүндө тааныштыруу семинары болуп өттү.

Бул иш-чарада министрдин орун басары Элдар Абакиров баалоо ишин өнүктүрүүнүн жана бизнес чөйрөнүн өсүшү үчүн мамлекет тарабынан ыңгайлуу шарттардын түзүлүшүнүн маанилүүлүгүн белгилеп кетти, жана жолугушуунун бардык катышуучуларынын иштерине ийгилик каалап кетти.

Ушул иш-чаранын жүрүшүндө Тажикстандын өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасындагы баалоо иштер жөнүндө материалдар, ушул ишти жөнгө салган ченемдик укуктук актылар, КР экономика министрлигинин аянтчасында уюшулган Баалоо ишин өнүктүрүү боюнча кеңеш претентацияланды.

Маалымат үчүн: Баалоо ишин өнүктүрүү боюнча кеңеш КР экономика министрлигинин алдындагы кеңеш берүүчү жана ведомстволор аралык координациялоочу орган болуп саналат, ал коомдук бирикмелердин, бизнес-коомчулуктун, илимий чөйрөнүн, ЖОЖдордун жана кызыкдар мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турат. Кеңеш Кыргыз Республикасынын аймагында баалоо ишин жөнгө салуу жаатында мамлекеттик саясатты жүргүзүү боюнча сунуштарды даярдоо жана баалоону ченемдитк-усулдук камсыз кылуу боюнча иштерди координациялоону жакшыртуу максатында түзүлгөн.

""""

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу