Министр О. Панкратов региондорду өнүктүрүү маселелери жөнүндө

Новости
10-Май 2018-ж.
2444

Бүгүн 11-майда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн региондорду өнүктүрүү маселелери боюнча жыйыны болуп өттү. Экономика министри О.Панкратов өз сөзүндө акыркы 20-жыл ичинде тең балансташтырылган так региондук саясаттын болбогондугун, анын натыйжасында региондорду өнүктүрүүнү туруктуу бир деңгээлге алып чыгууга мүмкүн болбогондугун жана анын кесепетинен топтолгон маселелер бүгүнкү күндө региондорду өнүктүрүүдө тоскоол жаратып жаткандыгын белгилеп өттү.

Акыркы он жылдыкта региондордун экономикасында структуралык түрдө алга жылуулар болгон жок. Акыркы он жылдын иш жүзүндөгү маалыматтары боюнча белгилүү болгондой экономикалык активдүүлүк Бишкек шаарына топтолгон.

ИДПнын салыштырма салмагы Бишкек шаарында бул мезгилде 33%дан 41% жогорулап, Кыргыз Республикасынын ИДПсынын дээрлик жарымы борбордо экендиги белгилүү, ал негизинен соода жана башка кызмат көрсөтүүнүн жогорулоосунан улам өсүүдө. Анын ичинде түштүк облустардын ИДПга кошкон салымы 1/3 кыскарган, ал эми 2/3 жакын өлкө ИДПсын Бишкек шаары, Чүй жана Ысык-Көл облустары түзөт.

Мындан тышкары бардык облустарда жакынкы убакытка чейин финансылык ресурстардын жетишпегендигине карабай баарын бир убакта жасоого аракет жасап келишкен. Бул жергиликтүү деңгээлдеги жашоо деңгээлинде өзгөрүү жок эле чектелүү финансылык каражаттарды курулай жок кылууга алып келген.

Региондорду өнүктүрүүдөгү экономикалык диспропорциянын негизги көйгөйү болуп аймактарды өнүктүрүүнүн дотациялуулугу менен байланышкан башка көйгөйлөрдүн келип чыгуусуна себеп болду. Айыл өкмөттөрдүн жалпы санынан 17% гана өзүн өзү каржылай алат. Калган 83% дотациядагы айыл өкмөттөр. Ошону менен бирге алыскы жана бийик тоолуу аймактардагы жарандарды социалдык жактан колдоо боюнча дотациялык компонент ал жерде жашаган жарандарды акырындык менен кароого муктаж абалга алып келип калды. Социалдык бюджеттик дотациялар өнүктүрүүнү инвестициялоого кандайдыр бир аракет көрүлбөй эле жок болууда.

Ошондой эле регионалдык өнүгүүнүн көйгөйлүү маселесинин актуалдуу болуп саналганы бүгүнкү күндөгү финансылык децентрализация. Жергиликтүү бюджеттин туруктуу жана бир калыпта өсүшүн камсыз кылуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун киреше потенциалын түзүү жол-жобосу өркүндөтүүгө муктаж.

Орточо эмгек акынын минималдуу керектөөчүнүн бюджетке карата катышынын көрсөткүчү жашоо деңгээли боюнча айырмасы 2,5 эседен көптү түзөт. Ошону менен максималдуу эмгек акы Бишкек шаары боюнча (14773 сомду) түзүп, республика боюнча орточо өлчөмдөн 30% жогору (11411сом) жана минималдык эмгек акы Баткен облусу боюнча 133%.

Эмгек мигранттарынын акча которуулары олуттуу түрдө үй чарбасынын көрсөткүчтөрүн жогорулатат. Айрыкча түштүк региондорунда, анткени акча которуулар биздин өлкөнүн ИДПсынын бир бөлүгүн түзөт. Ал эми ИДПнын структурасы боюнча мигранттардан келген акча которуулардын саны боюнча Кыргызстан 214 өлкөнүн ичинен экинчи орунда.

Калктын экономикалык жактан активдүү бөлүгүнүн бир калыпка салынбаган агылуусу улуттук экономиканы тейлөө үчүн квалификациялуу кадрлардын тартыштыгына алып келет. Ошондуктан Экономика министрлиги экономикалык өсүш үчүн эмгек ресурстарына болгон керектөөнү эсептөөнүн экономикалык болжолунун системасына орто мөөнөттү жана узак мөөнөттү киргизүүнү болжолдоодо.

Регионалдык программалар менен стратегияларды, регионалдык өнүктүрүү маселелерин жалпы координациялоо, сапаттуу мониторинг жүргүзүү максатында региондорду өнүктүрүү маселелери үчүн жооптуу бирдиктүү мамлекеттик органды аныктоо сунуш кылынат.

Аткаруучулар тараптан жоопкерчиликти арттыруунун алкагында өкмөттүк деңгээлде облустардагы КРӨнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн, райондордогу мамлекеттик администрациялардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн долбоорлорун бекитүү сунуш кылынат.

Онлайн кайрылуу