ККМ-онлайнды колдонуунун жаңы механизмдерин киргизүү жөнүндө

Новости
18-Апрель 2018-ж.
2529

Учурда 2018-жылдын 13-апрелиндеги №39 "Салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын ишке киргизүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында ККМ-онлайнды колдонуунун жаңы механизмин ишке ашырууну караган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоору иштелип чыкты.

Бул долбоор менен салык төлөөчүлөрдүн ККМ-онлайнды колдонуусу каралууда, анда сатылып жаткан товарлар жөнүндө реалдуу мезгил режиминде маалымат берүү боюнча кошумча функция ошондой эле виртуалдык ККМди колдонуу киргизилген. Ал салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасын киргизүү максатында даярдалган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы№324 "Маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды колдонуу механизмин ишке киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун долбоору тууралуу " токтому менен Субъекттер тарабынан маалыматтарды онлайн режиминде берүү функциясы бар контролдук-кассалык машиналарды ишке киргизүү жана колдонуу графиги бекитилген. Ал ККМ-онлайнды ишке киргизүүнүн 4 этабын карайт:

1-этап -2016-жылдын 15-сентябрынан кечиктирбей;

2-этап -2017-жылдын 1-сентябрынан кечиктирбей;

3-этап -2018-жылдын 1-мартынан кечиктирбей;

4-этап -2018-жылдын 1-июлунан кечиктирбей;

Үчүнчү этап төмөнкүдөй иштин түрлөрүн камтыйт:

-100 дөн 200 кв метрге чейин соода аянттары бар стационардык соода точкаларында товарларды сатуу (республиканын региондорунда);

-соода борборлорунда жайгашкан точкаларда кызмат көрсөтүү жана товарларды сатуу (республиканын региондорунда);

-100 дөн 200 отургуч орунга чейинки же/жана 200 кв.метрден ашык аянты бар коомдук тамактануу жайларында кызмат көрсөтүү;

-100 отургуч орунга чейинки сандагы коомдук тамактануу кызматын көрсөтүү (Бишкек жана Ошто);

- иш милдеттүү патенттин негизинде ишке ашырылат (республиканын региондорунда).

Төртүнчү этап төмөнкүдөй иштин түрлөрүн камтыйт:

-төлөм терминалдарынын кызматтары (Бишкек жана Ош менен кошо)

-100 орунга чейинки коомдук тамактануу жайларында кызмат көрсөтүү (республиканын региондорунда);

- экономикалык иштердин башка түрлөрү.

Жогоруда аталган токтом долбоорунда ККМ-онлайнды колдонууну ишке киргизүүнүн жаңы графиги каралган, анда колдонуудагы графиктин 3-4-этабына киргизилген ишкер субъекттер камтылган. Жогоруда келтирилгендерди эске алуу менен, жүргүзүлүп жаткан саясаттын ырааттуулугун камсыз кылуу максатында, салык төлөөчүлөргө кош түйшүк салууну жок кылуу жана ишкер субъекттер тарабынан нааразычылыктарга жол бербөө максатында, ошондой эле ишкер коомчулуктун кайрылууларына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тараптан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июнундагы №324 токтому менен бекитилген Графиктин 3 жана 4-этаптарын ишке киргизүү мөөнөтүн кайра карап чыгуу боюнча сунуш кылынып жаткан долбоор иштелип чыкты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу