KOICA жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин ортосундагы натыйжалуу кызматташуу жөнүндө

Новости
26-Март 2018-ж.
2147

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде Артем Новиков менен Кыргыз Республикасындагы KOICA Офисинин жетекчиси Пак Сунжиндин жетекчилиги алдында Эл аралык кызматташуу боюнча Корея агенттигинин өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушуу учурунда министр А.Новиков эл аралык кызматташуу боюнча Корея агенттигинин Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүндө кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирди.

Пак Сунжин айым KOICA менен Экономика министрлигинин ортосундагы натыйжалуу кызматташууну белгилөө менен анын Кыргыз Республикасындагы KOICA Офисинин жетекчиси кызматындагы мөөнөтү аяктаганын билдирди.

Өз кезегинде министр Пак Сунжин айымдын иштөө мезгилинде Кыргыз Республикасы үчүн маанилүү долбоорлор "Жер ресурстарын башкаруунун бирдиктүү маалыматтык системасын түзүү" жана "жарандардын электрондук күбөлүгүнүн системасын түзүү" "Шайлоо системасынын потенциалын түзүү" долбоорлору ишке ашкандыгын белгилей өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Пак Сунжин айым учурда Корея агенттиги тарабынан артыкчылыктуу тартипте Кыргыз Республикасынын эки долбоору: "Өрттөн коргоо потенциалын бекемдөө жолу менен калктын өрт коопсуздугун арттыруу", "Токой жана айыл чарбасында максаттуу интервенция аркылуу климаттын өзгөрүүсү менен күрөшүү" каралууда. Эки долбоорго 14 млн.АКШ доллары салынган.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги 2018-жыл Президенттин Жарлыгы менен "Региондорду өнүктүрүү жылы" деп жарыяланганын "Ушуга байланыштуу биз региондорду өнүктүрүү боюнча долбоорду сиздин карооңузга даярдап жатабыз, бул биринчи кезекте таза суу боюнча, ирригациялык түйүндөр жана региондорду өнүктүрүү боюнча башка долбоорлор" -деп билдирди министр.

Ошондой эле министр О.Донггилди Кыргыз Республикасындагы KOICA Офисинин жетекчиси кызматына киришүүсү менен куттуктап бул кызматта ишине ийгилик каалап кетти.

Акырында Тараптар мындан аркы натыйжалуу жана жемиштүү иштерге ишеним арта тургандыгын билдиришти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу