Москвада"Кыргыз товарларынын күнү" акциясы болуп өттү

Новости
29-Март 2018-ж.
2144

2018-жылдын 30-мартында Москва шаарында "Киев" метросунун станциясында "Перекресток" супермаркетинде соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча россия-кыргыз өкмөт аралык комиссиясынын 2-жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын экономика министри Артем Новиков менен Россия Федерациясынын Экономикалык өнүгүү министринин орун басары Илья Торосовдун катышуусунда "Кыргыз товарларынын күнү" болуп өттү.

Бул акция Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташууну өнүктүрүү чөйрөсүндө жетишилген келишимдерди иш жүзүнө ашыруу багыттарынын бири болуп саналат.

Иш-чара кыргыз өндүрүшүндөгү товарларга көңүл бурдуруу жана Россия Федерациясынын соода түйүндөрүндө кыргыз продукцияларына россия сатып алуучуларынын жогорку сапаттагы жеткиликтүү баадагы органикалык продукция катары кыргыз продукциясына кызыгуусун арттыруу үчүн болуп өттү.

Бул акцияны өткөрүүдө "Перекресток" супермаркетинин ар бир сатып алуучусу Кыргызстандын продукциясын сынап көрүүгө жана продукция менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

Акцияда отузга жакын жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн катышуусу менен Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн айыл чарба продукциялары жана азык түлүк товарлары коюлган.

2017-жылдын 15-декабрында Бишкекте кыргыз-орус регион аралык конференциясынын алкагында Кыргызстандын Экономика министрлиги менен X5 Retail Group орус компаниясынын ортосунда Меморандумга кол коюлган.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу