Кыргызстандын агро азык түлүк экспортун диверсификациялоо жолдору жөнүндө

Новости
13-Март 2018-ж.
2053

2018-жылдын 14-мартында Бишкекте 2015-2017-жылдарга карата экспортту өнүктүрүү боюнча Планды ишке ашыруунун алкагында "Кыргызстандын агро азык түлүк продукциясын экспорттоону диверсификациялоо" темасында семинар өтүп болуп өттү.

Семинардын уюштуруучусу Кыргыз Республикасындагы БУУнун Айыл чарба жана азык -түлүк өкүлчүлүгү жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги болду.

Өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Эльдар Абакиров Кыргыз Республикасындагы БУУнун Айыл чарба жана азык -түлүк өкүлчүлүгүнө жана жеке Ирина Кобутка ыраазычылык билдирди.

"Ошону менен бирге бизге өз тажрыйбасы жана билимдери менен бөлүшкөнү келгени эл аралык эксперттерге да чоң ыраазычылык билдирем".

Министрдин орун басарынын сөзү боюнча бүгүн талкуу болуп жаткан маселелер айрыкча азыркы экономикалык кырдаалда маанилүү мааниге ээ. "Республиканын экономикасын өнүктүрүү үчүн экспорттук потенциалды, анын ичинде ата-мекендик продукциянын деңгээлин арттыруу үчүн жумушчу орундарды түзүү, өлкөнүн региондорундагы жашоо деңгээлин арттыруу маанилүү экендигин айтпасак да түшүнүктүү-деп белгиледи Э.Абакиров.

2018-2023-жылдарга карата "Жаңы доорго кырк кадам" Өкмөттүн программасында, өлкөнүн экспорттук потенциалын өнүктүрүү жакынкы аралыктагы экономиканы өнүктүрүүнүн бирден бир флагманы болуп кала берет. Ушундан улам Өкмөттүн соода саясатындагы бирден бир негизги милдети экспорттук секторду өнүктүрүүнү камсыз кылуу болуп эсептелет.

Ошондой эле министрдин орун басары 2018-жылы коюлган максаттарды аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-2023-жылдарга карата өлкөнүн экспортун өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Программасы кабыл алынып ишке ашырыла баштай тургандыгын маалымдады.

Программада камтылган иш-чаралар ачык "мүмкүнчүлүктөр терезесин" жана географиялык артыкчылыктарды, айрыкча ВСП+ЕС преференциясын пайдалануу менен ата-мекендик продукцияны сатуу рыногун диверсификациялоого багытталган.

Мындан тышкары КМШнын аймагынан тышкары жаңы рынокторду өздөштүрүү үчүн чаралар, анын ичинде, ЕБ, Кытай ж.б. Ушуга байланыштуу, бүгүнкү семинардын максаты- Кыргызстандын Өкмөтүнө да экспортерлорго да бүгүнкү күндө эң актуалдуу маселе болуп жаткан агроазык-түлүк экспортун диверсификациялоо жолдору жөнүндө да маалымат берүү -деп белгиледи Э.Абакиров.

Семинардын жүрүшүндө Кыргызстандан ЕБге артыкчылыктуу агроазык түлүк товарларын экспорттоо боюнча колдонмо, ошондой эле Экономика министрлигинин "Агроазык-түлүк продукциясынын экспортун диверсификациялоо" долбоорунун алкагында суранычынын негизинде Бириккен Улуттар Уюмунун Айыл чарба жана азык -түлүк өкүлчүлүгү тарабынан иштелип чыккан кытай рыногуна агроазык-түлүк товарларынын жеткирүү өзгөчөлүгүнүн аналитикалык обзору тааныштырылды.

Семинардын программасы Европа Союзу менен Кытай Эл Республикасынын агрардык рыногуна чыгуу боюнча улуттук жана эл аралык эксперттердин, мамлекеттик структуралардын жана жеке секторлордун ортосунда тажрыйба алмашууга жол ачат.

"Бүгүнкү алынган маалыматтар бардык катышуучуларга, биринчи кезекте Кыргызстандын экспортерлоруна пайдалуу болот деген ишенимдемин, ал эми сунуш кылынган сунуштар иш жүзүндө пайдасы тиет- деп өз сөзүндө Э.Абакиров белгилей кетти.

Семинарда Экономика министрлигинин, Айыл чарба, тамак-аш өнөр-жайы жана мелиорация министрлиги, ЕС жана Кытайга экспортту илгерилетүүгө тартылган башка мамлекеттик органдар, экспортерлор, айыл чарба ассоциациясынын өкүлдөрү, соода-өнөр жай палатасынын кызматкерлери катышат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу