Инвестиция тартуу боюнча стратегияларды иштеп чыгуу үчүн базалык принциптер" темасында тегерек стол болуп өттү

Новости
22-Март 2018-ж.
2498

Ушул жылдын 23-мартында Бишкек шаарында "Кыргыз Республикасындагы инвестициялык реформалардын картасы: Инвестиция тартуу боюнча стратегияларды иштеп чыгуу үчүн базалык принциптер" темасында тегерек стол болуп өттү

Бул тегерек стол Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен Кыргыз Республикасындагы инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча IFC долбоору менен биргеликте уюштурулду.

Тегерек столдо Кыргыз Республикасынын министрликтери менен ведомстволорунун, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, бизнес коомчулуктар, ассоциациялар катышышты.

Тегерек столдун негизги максаты Кыргыз Республикасындагы инвестициялык реформалардын картасынын долбоорун презентациялоо жана Кыргыз Республикасындагы инвестициялык климатты жакшыртуу маселеси боюнча иштелип чыгып жаткан чаралар жөнүндө катышуучуларга маалымат берүү болуп эсептелет.

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Инвестициялык саясат башкармалыгынын начальниги Канат Абдрахманов жыйынды ачты. Анын сөзү боюнча «Жаны доорго кырк кадам» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасына ылайык, өлкөдөгү инвестициялык активдүүлүк бардык укуктук, административдик жана экономикалык инструменттер менен колдоого алынууга тийиш. Ушуга байланыштуу экономика министрлиги инвестициялык мыйзамдарды өркүндөтүүгө багытталган, ошондой эле инвестициялардын келип кирүүсү үчүн стимул болуучу жана колдоо үчүн ченемдик-укуктук базаны күчөтүүгө бардык аракетин жумшайт-деп билдирди.

Андан ары презентация менен Кыргыз Республикасындагы инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча IFC долбоорунун өкүлү О. Колдасова чыгып сүйлөдү. Ал инвестиция чөйрөсүндөгү учурдагы кырдаал жөнүндө, инвестиция тартуу жана илгерилетүү үчүн жаралып жаткан тоскоолдуктар, ошондой эле иштелип чыккан реформаларды жүргүзүү үчүн сунуш кылынып жаткан сунуштар жөнүндө маалымат берди.

Тегерек столдун жүрүшүндө "Кыргыз Республикасындагы инвестициялар жөнүндө" Мыйзамдын жаңы редакциясынын долбоору, жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тарабынан иштелип жаткан башка сунуштар, анын ичинде «Doing Business» рейтингин жакшыртуу , инвестицияны илгерилетүү программасынын долбоору, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жана эркин экономикалык зоналар боюнча чаралар сунуш кылынып талкууланды,

Ошондой эле Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин директорунун орун басары Адилбек Шумкарбек уулу чыгып сүйлөп Агенттиктин учурдагы иштери жана пландары милдеттери жөнүндө маалымат берди.

Презентациянын жыйынтыгы боюнча катышуучулар пикир алмашып каралып жаткан маселелерди талкуулашты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу