Кыргыз Республикасынын Малайзия соода саясатынын көргөзмөсүнө катышуусу жөнүндө

Новости
18-Февраль 2018-ж.
1842

2018-жылдын 14-16-февралында ДСУнун Штаб-квартирасында Малайзия соода саясатынын жетинчи көргөзмөсү болуп өттү.

Соода саясатынын механизмин көрсөтүү - Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө мамлекеттер тарабынан айрым мамлекеттердин соода саясатына жана алар тарабынан соода эрежелеринин жана ДСУнун милдеттенмелерин сактоого коллективдүү мониторинг жүргүзүү системасы.

Кыргыз Республикасы бул жыйында катышып Малайзияны ДСУнун ченемдерин бекем тутунган мамлекет катары белгилеп, ошондой эле Малайзияны Кыргызстандын ишенимдүү соода өнөктөшү катары көрсөттү.

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин ДСУ маселелери боюнча өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Нурбек Максутов товарларды сатуудан башка Кыргызстан менен Малайзиянын эки тараптуу кызмат көрсөтүү боюнча потенциалы чоң экендигине токтолду. Тагыраагы, туризм, билим берүү жана финансылык кызмат көрсөтүү секторундагы кызматташууну мындан ары тереңдетүүдө мүмкүнчүлүктөр бар экендигине токтолду.

Мүчө мамлекеттер жыйындын жүрүшүндө Малайзия тарабынан жүргүзүлүп жаткан ишкердик жүргүзүүнү жеңилдетүү жана соода жаатындагы реформаларга оң баасын беришти, ошондой эле Соода саясатынын көргөзмөсүн ийгиликтүү өткөрүүсүнө тилектештигин билдиришти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу