"Жарнак жөнүндө" Мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору 3-чү окуудан кийин кабыл адынды

Новости
15-Февраль 2018-ж.
1799

2018-жылдын 15-февралында Жогорку Кеңештин жыйынында 3-чү окууда "Жарнак жөнүндө" Мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору кабыл алынды.

Учурдагы "Жарнак жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында рекламалык материалдарга мониторинг жүргүзүү түшүнүгү жок, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы аракеттенүү агенттигинде жарнак чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузуу жөнүндөгү иштерди кароодо талаш кырдаалдар көп пайда болот.

Ушуга байланыштуу бул мыйзам долбоору менен жарнак мыйзамдарын сактоого мониторинг жүргүзүү түшүнүгү киргизилет.

Ошондой эле жашы жете электерди коргоо максатында Интернет маалыматтык -телекоммуникациялык түйүндө алкоголдук ичимдиктерди жарнама кылууга тыюу салууну караган өзгөртүү киргизилет.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу