Экономика министрлиги мамлекеттик тилди үйрөнүү боюнча кызмат көрсөтүүнү сатып алууга жарыялаган тендерден баш тартты

Новости
14-Февраль 2018-ж.
2003

2018-жылдын 12-февралында мамлекеттик сатып алуулар сайтында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги "министрликтин кызматкерлерине мамлекеттик тилди окутуу боюнча репетитор" кызматын сатып алууга тендер жарыяланган. Бул сатып алуу коомчулуктун кескин сынына кабылгандыгына байланыштуу Экономика министрлиги бул тендерди өткөрүүдөн баш тартты.

Маалымат үчүн: "Мамлекеттик тил жөнүндө", "Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 10 жана 17 беренелерине ылайык, 2014-2020-жылдарда Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасына (1-бөлүм "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү тил саясаты"), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы №757 "Административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын мамлекеттик тилди өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн керектүү көлөмдө билүү деңгээлин белгилөө жана аны мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине киргизүү мөөнөтү жөнүндө" токтомуна(3-пункту: 2018-жылдын 1-мартынан тартып беш айдын ичинде бүт мамлекеттик жарандык кызматчылар жана муниципалдык кызматчылар жалпы милдеттүү тестирлөөдөн өткөрүлсүн, 5-пункту: Мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери (макулдашуу боюнча) мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды мамлекеттик тилге окутууга көмөк көрсөтүшсүн) ылайык, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тарабынан министрликтин кызматкерлеринин мамлекеттик тилди билъъ деңгээлин жогорулатуу максатында тендер жарыялоо чечими кабыл алынган.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу