⚠️ ВНИМАНИЕ! Данный сайт министерства больше не актуален. Перейдите на новый официальный сайт министерства: 🔗 Перейти сейчас

Нефти продуктуларына Бажы биримдигинин техникалык регламентинин жоболору күчүнө кирди

Новости
11-Февраль 2018-ж.
2862

2018-жылдын 1-январынан тарта Кыргыз Республикасына ЕАЭБге мүчө-мамлекеттерден алып келинүүчү нефти продукциялары (автомобиль бензини, дизель отуну жана мазут) тагыраагы К4 жана К5 экологиялык классына тиешелүү автомобиль жана дизель отуну "Автомобилдик жана авиациялык бензинге, дизелге жана кеме отунуна, реактивдүү кыймылдаткычтар үчүн отунга жана мазутка коюлуучу талаптар жөнүндө" (БС ТР 013/2011) Бажы биримдигинин техникалык регламентинде белгиленген талаптарга жооп берүүгө тийиш.