2018-жылдын 8-февралында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Чоң залында Кыргыз Республикасынын экономика министри Артем Новиков менен Өзбекстан Республикасынын Тышкы соода министри Жамшид Ходжаевдин, ошондой Тараптардын бизнес өкүлдөрүнүн ка

Новости
11-Февраль 2018-ж.
1916

2017-жылдын 12-февралында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде жеңил автомобилди SKD топтоо боюнча заводдун орду жана Кыргыз Республикасында автобустарды SKD топтоонун максатка ылайыктуулук маселесин талкуулоо боюнча маселе боюнча жыйын болуп өттү.

Эске сала кетсек: 2017-жылдагы Кыргыз Республикасынын Президенти менен Өзбекстан Республикасынын Президенттеринин жолугушууларынын алкагында жетишилген келишимдерине мониторинг жүргүзүү максатында, кол коюлган өкмөт аралык макулдашуулардын жүрүшүн, ошондой эле экспорттук-импорттук контракттардын жана биргелешкен ишканаларды түзүү боюнча макулдашууларды ишке ашуунун жүрүшү менен таанышуу максатында, 2018-жылдын 8-9-февралында Бишкек шаарында Өзбекстан Республикасынын Тышкы соода министри Ж.Ходжаевдин иш сапары болду.

Бул визиттин алкагында Кыргызстан менен Өзбекстандын ишкерлеринен түзүлгөн делегация Ош шаарынын жеңил автомобиль топтоо пландаштырылып жаткан жери менен таанышты.

"Автомобиль топтоо бул бампер менен фарды гана катырып коюу гана эмес, бул жерде топтоонун тереңдеги маселеси толук иштелип чыга элек. Бул топтоо салыктан качуу үчүн даяр автомобилдерди алып келип бул жерде топтоп жаткан түр көргөзүү эмес , бул рыноктогу монополияны пайда кылат - деп билдирди А.Новиков

Ошондой эле 12-февралдагы жыйында автомобиль топтоо боюнча ишкананын өкүлдөрү жеңил автомобилди SKD топтоо боюнча маселени мындан ары иштеп чыгуу жана каржылоого жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо тууралуу Жарлыгына ылайык, жеңил автомобилдерди SKD топтоону жайгаштыруучу жерди өлкөнүн региондоруна которуу жөнүндө маселени кароого даяр экендигин билдиришти.

Экономика министри А. Новиков деталдуу бизнес-планды, анын ичинде бардык эсептөөлөрдү көрсөтүүнү, жайгаштыруучу жайды топтоонун деңгээли, утилдештирүү, экономикалык максатка ылайыктуулукту, анын ичинде салыктык, бажы жана башка маселелер боюнча деталдуу иштеп чыгууну көрсөтүүнү суранды.

"Кыргызстан өндүрүш кубаттуулугунун өсүшүнө кызыкдар. Бирок биз бул ишканалардын, салыктан качуунун бир жолу катары эмес, толук кандуу иштешин каалайбыз, биз абийирдүү ишкерлерге ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даярбыз"- деп билдирди министр.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу