Өзбекстан Республикасы инвестициялык кызматташууга, өнөр-жай кооперациясына жана Кыргыз Республикасы менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өзгөчө маани берет

Новости
07-Февраль 2018-ж.
2091

2018-жылдын 8-февралында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Чоң залында Кыргыз Республикасынын экономика министри Артем Новиков менен Өзбекстан Республикасынын Тышкы соода министри Жамшид Ходжаевдин, ошондой Тараптардын бизнес өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңири форматтагы кыргыз-өзбек сүйлөшүүлөрү болуп өттү.

Өз сөзүндө А.Новиков бүгүн эки тараптуу жолугушуу болуп жатканын жана анда эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелери талкууланып, мурда келишилген келишимдердин ишке ашуусуна мониторинг жүргүзүлгөндүгүн белгилей кетти.

Министр А.Новиковдун сөзү боюнча эки мамлекеттин бизнеси менен ведомстволорунун үзгүлтүксүз экономикалык жолугушуулары жакшы салт болуп эсептелет. Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы товар жүгүртүү 2017-жылдын январь-ноябрына карата 281,2 млн. долларды түздү жана 2016-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 1,6 эсеге өстү, анын ичинде экспорт -133,4 млн. долларды (15,9% өстү), импорт-147,8% млн. долл (2,4 эсеге өстү) түздү.

Ошону менен бирге, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун 2017-жылдын 13-декабрында Өзбекстан Республикасына жасаган иш сапарынын алкагында эки мамлекеттик Президенттеринин ортосунда эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык кызматташууну жакшыртуу жана эки мамлекеттин ортосундагы товар жүгүртүүнү 2018-жылы 250 млн.долларга жеткирүү, ал эми 2020-жылы 500 млн.долларга жеткирүү жөнүндөгү келишимге жетишилген.

Статистика көрсөткөндөй 2017-жылдын 11 айынын жыйынтыгы боюнча эки өлкөнүн ортосундагы товар жүгүртүү 281,2 млн. долларды түзгөн.

Бүгүн залга Өзбекстандын бизнес коомчулугу менен кызматташууга кызыкдар болгон ата-мекендик бизнес өкүлдөрүнүн чоң тобу топтолду.

Эки тараптын артыкчылыктарын тең пайдалануу жана тышкы рыноктордо, Европа менен Кытайды кошкондо, товардын атаандаштык мүмкүнчүлүгүн арттыруу үчүн кооперацияны ишке ашыруу зарыл.

Ар бир кадамыбыз менен биз өз ара соода жүргүзүүдөгү тоскоолдуктарды алып салууга кадам коюудабыз. 2017-жылы акцизделүүчү товарлардын тизмесинин кыскаруусу жана айрым товардык позициялар боюнча ставкалардын төмөндөшү жакшы мисал боло алат.

Ар бир күнү биз биргелешип кызматташууга жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуудабыз деп билдирди экономика министри.

2017-жылдын декабрында Ташкент шаарындагы бизнес-форумдун алкагында жеңил автомобилдерди, автобустарды, айыл чарба техникаларын, тиричилик техникасын өндүрүү боюнча ишканаларды, "MEDIAPARK" соода-оюн-зоок борборун, ошондой эле Кыргыз Республикасында "Artel Techical School" мамлекеттик эмес мекеменин филиалын түзүү боюнча макулдашуу түзүлгөн.

Ошону менен бирге 2017-жылы Бишкек жана Ташкент шаарларында өткөн бизнес-форумдун жыйынтыгы боюнча, 220 млн.долл суммасында 115 экспорттук жана импорттук контракттарга кол коюлган.

Тараптардын ортосунда 2018-жылы бардык ишканалар ишке киргизиле тургандыгы жөнүндө келишимге жетишилди.

Ошондой эле регионалдык жана чек арага жакын алкактарды көп жумуштар аткарыла тургандыгы күтүлүүдө. Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2018-жыл региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыяланды. Ушуга байланыштуу бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жана тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан чек арага жакын жерде соода шарттарын жакшыртууга жана потенциалын жогорулатууга бардык аракеттер көрүлүүдө.

Өзбекстандын Тышкы соода министри Ж.Ходжаев белгилегендей, Өзбекстандын ишканалары Кыргызстанга жеңил автомашиналардын, жол жана айыл чарба техникаларын ташып келүүнү көбөйтүүсү мүмкүн. Мамлекет ошондой эле минералдык жер семирткичтерди, кабель-чубалгы продукцияларын, тиричилик техникаларын, курулуш материалдарын, текстилди, мөмө-жемиш жана башка продукцияларды ташып келүүнү кеңейтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Инвестициялык кызматташууга, өнөр -жай кооперациясына жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга чоң маани берилет.

Тышкы соода министри Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун курууну ишке ашырууга кызыкдар экендигин билдирди."Долбоор биздин региондун түпкү кызыкчылыктарына шайкеш келет" -деп билдирди. 2017-жылдын октябрында ишке кирген Андижан-Ош -Иркештам-Кашкар автомобиль коридорун активдүү пайдаланууну сунуш кылды.

Өзбекстанда биринчи жолу коммерциялык банктар тарабынан атайын кредиттик линияларды ачуу жолу менен тышкы соода ишине дем берүү механизми колдонулат. Министрдин айтуусу боюнча бул долбоор боюнча долбоор 100 млн. долл түзөт.

"Финансылык механизм бизге тышкы соода жүгүртүү көлөмүн 500 млн.долларга жогорулатууга жардам берет. Кредиттик линияларды пайдалануу үчүн бизде көндүмдөр бар, жана аяктоо боюнча механизм да бар, каражаттарды пайдаланууга биринчи кадамдар жасалды" -деп белгиледи ал.

Кыргыз тараптын сунуштары боюнча, министр Ж.Ходжаев бардык сунуштар Ташкентте кесиптештерине жеткириле тургандыгын айтты.

Министр А.Новиков, "биздин милдет биздин жалпы рынокторубузда иштөөдө бизнес эркиндикти жана камкордукту сезиши керек. Биздин Өзбекстандык кесиптештерибиз Кыргызстандын бизнес кызыкчылыктарын өз аймагында илгерилетүүгө жана колдоого ала тургандыгына ишенебиз, ошондой эле биз да өзбек инвесторлоруна жана ишкерлерине колдоо көрсөтөбүз" -деп билдирди.

Ошондой эле бизнести активдүү болууга, суроо берүүгө жана Өзбекстандын бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү менен баарлашууга чакырды.

Сөзүнүн аягында А.Новиков Ж.Ходжаевге жана өзбек делегациясына Кыргыз Республикасына келгендиги үчүн ыраазычылык билдирди, ошондой эле ушул жылдын июнь айында боло турган Ысык-Көл форумуна, ошондой эле 2018-жылдын сентябрь айында боло турган Үчүнчү көчмөндөр оюнуна өзбек кесиптештери менен бизнес-коомчулукту чакыра кетти.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча төмөнкүдөй документтерге кол коюлду:

-Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен Өзбекстан Республикасынын Тышкы соода министрлигинин ортосундагы биргелешкен жолугушуунун протоколу;

-Кыргыз Республикасынынм "РСК Банк" ААК менен Өзбекстан Республикасынын Тышкы экономикалык ишинин Улуттук Банкынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

-"Айыл Банк" жана "Асакабанк" ААКтарынын ортосундагы өнөктөштүк жөнүндө макулдашуу;

-Айыл чарба техникасын жана жабдууларды лизинг максатында жеткирүүгө "Айыл банк", Узагротехмаш Трейш жана "АХТС-Уралец" ортосундагы контракттар.

Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасы менен болгон товар жүгүртүүсү 2014-2017-жылдарга карата (11-айда) (млн.долл)

2014-ж. 2015-ж. 2016-ж. янв-ноябрь 2017ж.

КР Тышкы соода жүгүртүүсү - баары 7618,4 5636,7 5573,7 5602,5

КР экспорту 1883,7 1482,9 1573,2 1541,3

КР импорту 5734,7 4153,8 4000,5 4061,2

анын ичинен:

КРнын Өзбекстан менен тж 223,2 168,3 192,3 281,2

Өсүү темпи 86,8% 75,4% 114,3% 160,2%

КРнын т/ж жалпы үлүшүнөн 2,9% 3,0% 3,5% 5,0%

Өзбекстанга экспорт 116,7 112,0 125,1 133,4

Өсүү темпи 73% 96% 112% 116%

Экспорттун жалпы көлөмүндөгү үлүшү 6,2% 7,6% 8,0% 8,7%

Өзбекстандан импорт 106,5 56,3 67,2 147,8

Өсүү темпи 108,7% 52,9% 119,4% 244,5%

Импорттун жалпы көлөмүндөгү үлүшү 1,9% 1,4% 1,7% 3,6%

2017-жылдын январь-ноябрында Кыргыз Республикасынын Өзбекстан менен болгон товар жүгүртүүсү 281.2 млн.долларды түзүп 2016-жылдын январь-ноябры менен салыштырмалуу 1,6 эсеге жогорулаган, анын ичинде экспорт-133.4 млн.доллар(15,9% өсүш), импорт-147,8 млн.долл(2,4 эсеге өскөн).

Жер семирткичтер, желим буюмдар, тамак аш продукциялары, жемиштер, кара, түстүү металлдан буюмдар, ж.б. импорттолгон.

Импорттун жогорулашы мөмө-жемиштерди ташуу 6,6 эсеге, жаңгакты-2 эсеге, жер семирткичти-2 эсеге, трикотаж буюмдардан 1,3 эсеге, желимди ташуу 7,5% өсүүсүнүн эсебинен болду.

Картошка, көмүр, электр энергиясы, желим буюмдар, айнек, кара металлдын сыныктары, эл машиналары жана жабдуулар, таштан жасалган буюмдар, цемент ж.б.-экспорттолду.

Өзбекстанга болгон экспорт отун -энергетикалык ресурстардын (көмүр, нефти продуктулары) жогорулашы менен 4,1 эсеге, кара металл жана андан жасалган буюмдарды 1.8 эсеге, түрдүү жабдуулар, механикалык курулмалар жана алардын бөлүктөрү 1,6 эсеге, кермикадан жасалган буюмдарды 1,0 эсеге , айнек жана андан жасалган буюмдарды 2,0 эсеге сатуунун көбөйүүсүнөн улам өстү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу