Кыргыз Республикасы ТРИПС Макулдашуусуна өзгөртүү жөнүндө Протоколду ратификациялаган ДСУнун мүчө-мамлекеттеринин катарына кирди

Новости
06-Февраль 2018-ж.
2014

Кыргыз Республикасы Интеллектуалдык менчик укуктарынын соода аспектилери боюнча макулдашууга (ТРИПС) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Протоколду ратификациялаган Дүйнөлүк соода уюмуна (ДСУ) мүчө-мамлекеттердин катарына кирди.

Протокол ТРИПС Макулдашуусун 31bis беренеси менен жана дары каражаттарын экспорттоо максатында мажбурлап лицензиялоону колдонууну кеңейтүү тартибин аныктаган тиркеме менен толуктоону карайт. Аталган жоболор дары препараттарын өндүрүү боюнча жетишээрлик кубаттуулукка ээ болбогон ДСУга мүчө-мамлекеттерге, өзгөчө кырдаал пайда болгон учурда, ДСУга мүчө болгон башка мамлекетке жетиштүү көлөмдөгү препараттар менен камсыз кылууга жардам берүү үчүн кайрылууга мүмкүнчүлүк берет.

2018-жылдын 6-февралында Кыргыз Республикасынын БУУдагы жана башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү Данияр Мукашев жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин ДСУ маселелери боюнча өкүлү Нурбек Максутов ДСУнун Генералдык директору Роберто Азеведу мырза менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Д.Мукашев ДСУнун Генералдык директору Роберто Азеведу мырзага кыргыз тараптын ТРИПС Макулдашуусуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө Протоколго Кыргызстандын кошулгандыгы боюнча ички мамлекеттик жол-жоболордун аяктагандыгы жөнүндө ратификациялык грамотасын тапшырды.

Кыргыз делегациясы тараптан ТРИПС Макулдашуусуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө Протоколду кабыл алуу Кыргыз Республикасынын ДСУнун эл аралык ченемдери менен тартиптерин бекем тутуна тургандыгын айгинелейт, ошондой эле интеллектуалдык менчик укуктарынын ээлерин натыйжалуу корголо тургандыгына чоң маани берет.

Өз кезегинде Р. Азеведу ТРИПС Макулдашуусунун механизмдерин пайдалануу жолу менен жеткиликтүү медицинага муктаж болгон өнүгүп келе жаткан өлкөлөр үчүн чоң роль ойнойт, анткени дары препараттарына болгон жеткиликтүүлүктү жеңилдетүүгө багытталганын белгилей кетти.

Тараптар ратификациялык грамотаны тапшыруудан башка, учурдагы келечектеги Кыргызстан менен ДСУнун кызматташуусу, ошондой эле 2018-жылдын январында Давос шаарында өткөн Дүйнөлүк экономикалык форумдун жыйынтыктары жөнүндө талкуулашты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу