МЖӨнүн "Кызыл Кыргызстан" кинотеатрын реконструкциялоо" боюнча долбоорунун тендерине катышуу жөнүндө

Новости
04-Январь 2018-ж.
1973

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Кинематография департаменти бардык кызыкдар тараптарды "Кызыл Кыргызстан" кинотеатрын реконструкциялоо" боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорунун тендерине катышууга чакырат.

Сунуш кылынып жаткан долбоор МЖӨ алкагында жеке инвестицияларды тартуу жолу менен калкка кинотейлөө боюнча кызмат көрсөтүү жана "Кызыл Кыргызстан" кинотеатрын модернизациялоону карайт.

С правилами проведения тендера и тендерной документацией можно ознакомиться на официальных сайтах Министерства культуры, информации и туризма КР - www.minculture.gov.kg , Фонда развития кинематографа - www.kyrgyzcinema.com и Министерства экономики КР - www.mineconom.gov.kg

Тендер өткөрүү тартиби менен жана тендердик документация менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин - www.minculture.gov.kg, Кинематографияны өнүктүрүү фондунун www.kyrgyzcinema.com жана Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин www.mineconom.gov.kg расмий сайтынан таанышууга болот.

Сунуштар 2018-жылдын 31- январынын саат 16:00 чейин кабыл алынат.

Кененирээк маалыматты төмөнкү дарек менен алууга болот: Бишкек ш, Логвиненко. көч 13.

Жооптуу жактар:

Керимова Г. К.

тел.: +996 300141, +996 553 042 522,

эл. почта: goskinokg@mail.ru

Наралыев Б. М.

тел.:+996 300756 ,+996 704 804070,

эл. почта: goskinokg@mail.ru

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу