Суюлтулган газга болгон талаптар күчүнө кирди

Новости
04-Январь 2018-ж.
2117

2018-жылдын 1-январынан ЕАЭБдин "Отун катары пайдалануу үчүн суюлтулган газга болгон талаптар жөнүндө" (БС ТР 036/2016) техникалык регламент күчүнө кирди.

Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик агенттиги аталган техникалык регламенттин жоболорун ишке ашыруу үчүн жооптуу орган болуп эсептелет.

Техникалык регламент Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) өлкөлөрүндө колдонуу үчүн бирдей милдеттүү болгон турак жайларды жана өндүрүштүк жайларды жылытуу, ошондой эле автомобилдер үчүн отун катары пайдаланылуучу суюлтулган газдын эксплуатациялык көрсөткүчтөрүнө жана физикалык-химиялык көрсөткүчтөрүнө болгон талаптарды белгилейт.

Документ суюлтулган газды ошондой эле анын маркаларын сактоо, ташуу, сатуу жана утилдештирүү маселелерин жөнгө салат.

ЕАЭБдин техникалык регламенти бул процесстерди ишке ашырууда пайда болуучу негизги кооптуу факторлорду аныктайт, алар: жарылуу коркунучу өрт, адамдын организмине тийгизген терс таасири, ошондой эле курчап турган чөйрөнү булгоо тобокелдиги.

Биримдиктин аймагына жүгүртүүгө чыгарылуучу суюлтулган газдын ар бир партиясы бир катар маалыматтарды камтыган сапат паспорту менен коштолуусу зарыл. Алардын арасында- даярдоочунун аталышы жана товардын белгиси, анын дареги жана орду, суюлтулган газдын чыгарылган жери, аталышы, маркасы, продукциянын шарттуу белгилери ж.б.

Сапат паспорту -өз продукциясынын сапаттык жана керектөөчүлүк мүнөздөмөсүн камтыган өндүрүүчүнүн расмий күбөлүгү.

Суюлтулган газды сатууда сатуучу сатып алуучунун талабы боюнча паспорттун көчүрмөсүн жана техникалык регламенттин талаптарына суюлтулган газдын шайкеш келүүсү жөнүндө декларациянын көчүрмөсүн көрсөтүүгө милдеттүү.

Суюлтулган газды ташууда коштоочу документтер кооптуу жүктүн классы, ыкчам чаралардын кодун, кооптуулук белгиси, жарылуудагы өрт жөнүндө жана тирүү организмдерге коркунучу, зыянсыздандыруу мүмкүнчүлүгү жана каражаттары, өрттү өчүрүү каражаттары маалыматтарды камтууга тийиш.

Техникалык регламенттин талаптарына шайкеш келүүнү баалоо шайкештик декларациясы формасында жүргүзүлөт. Суюлтулган көмүртек газынын ЕАЭБдин техникалык регламенттерине шайкеш келүүсүн ырастоо техникалык регламенттин аткарылышын жана колдонулушу үчүн зарыл болгон изилдөө жана өлчөө ыкмаларын жана тартиптерин камтыган документтердин тизмесине киргизилген стандарттарды колдонуу менен камсыз болот.

Бизнеске ыңгайлуу шарт түзүү максатында ЕЭКтин Коллегиясынын чечими менен, 2018-жылдын 1-январына чейин кабыл алынган же берилген шайкештикти баалоо боюнча документтер алардын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин жарактуу, бирок 2019-жылдын 1-июлунан кеч эмес.

Ошондой эле 2019-жылдын 1-июлуна чейин өндүрүүчүлөр суюлтулган газды техникалык регламент күчүнө киргенге чейин кабыл алынган же берилген шайкештикти баалоо жөнүндөгү документтери болсо, улуттук мыйзамда бекитилген талаптарга ылайык чыгара алышат.

2018-жылдын 5-январына карата Кыргыз Республикасынын аймагында ЕАЭБ/БСнын 36 техникалык регламенти күчүнө кирет, 9 техникалык регламент 2018-2021-жылдар аралыгында күчүнө кирет.

Техникалык регламент менен, тамак-аш продукциясы, оюнчуктар, парфюмерия, тиричилик техникасы, текстиль өнөр-жайынын продукциясы, майлоочу жана мотор майлары сыяктуу массалык суроо-талапка ээ болгон товарлардын кеңири ассортиментинин коопсуздугуна карата талаптар бекитилет.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу