Экономика министрлигинин кызматкерлери мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо боюнча сынамык тесттен өтүүдө

Новости
27-Февраль 2018-ж.
2027

""2018-жылдын 28-февралында Экономика министрлигинин кызматкерлеринин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктоо максатында сынамык тестирлөө өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы №757 токтомуна ылайык, 2018-жылдын 1-мартынан тарта беш айдын ичинде бүт мамлекеттик жарандык кызматчылар жана муниципалдык кызматчылар жалпы милдеттүү тесттен өтүүгө милдеттендирилген, анда:

-мамлекеттик жарандык кызматчылар жана муниципалдык кызматчылар өткөн базалык деңгээлинен (А2) кем эмес тестирлөөнүн жыйынтыктары 2019-жылдын 1-январынан тартып мамлекеттик тилди билүүгө тиешелүү кесиптик компетенттүүлүгүн мындан ары баалоодо эске алына тургандыгы;

-базалык деңгээлинен (А2) төмөн тестирлөөнүн жыйынтыктары мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын ишин баалоо боюнча тиешелүү комиссиялар үчүн аталган кызматчыларды ээлеген кызматтарга шайкеш келбегендиги тууралуу сунуштарды иштеп чыгууга 2018-жылдын ичинде негиз катары таанылбайт же аларды кызматтан төмөндөтүүгө негиз болуп бербейт.

Ошондой эле административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын кесиптик компетенциясынын мамлекеттик тилди билүүгө тиешелүү бөлүгүндө, өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн керектүү көлөмдө баалоо 2019-жылдын 1-январынан тартып жүргүзүлө тургандыгы аныкталган.

Бул иш-чараны өткөрүүнүн негизги максаты, кызматкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлинин азыркы абалы менен таанышуу менен аларга даректүү усулдук жардам берүү болуп саналат жана туруктуу түрдө мындан ары өткөрүлүп турмакчы.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу