Кыргызстанда Өзбекстандын тышкы соода министри жетектеген делегациянын визити болору күтүлүүдө

Новости
04-Февраль 2018-ж.
1887

2018-жылдын 8-9-февралында Кыргыз Республикасында Өзбекстан Республикасынын тышкы соода министри Жамшид Ходжаев жетектеген делегациянын келиши күтүлүүдө.

8-февралда Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде министр Артем Новиковдун ӨЗбекстан Республикасынын тышкы соода министри Ж. Ходжаев менен боло турган жолугушуусу күтүлүүдө.

11:20 Экономика министрлигинин Чоң залында Тараптардын бизнес өкүлдөрүнүн катышуусу астында да кеңири форматтагы жолугушуу болуп өтөт.

Күндүн экинчи жарымында 14:30да Сокулук жана Ысык-Ата райондорундагы бир катар ишканаларга баруу пландаштырылууда.

9-февралда делегациянын Ош шаарынын бир катар ишканаларына баруусу күтүлүүдө.

Ушуга байланыштуу, ЖМКларды Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Пресс-кызматында төмөнкү тел боюнча: 0312 620535 кош. (134, 137), 0555 209560, e-mail: minekonom@bk.ru аккредитациядан өтүүсүн суранабыз

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу