Кыргызстан менен Тажикстан мамлекеттер арасындагы товар алмашууну көбөйтүүнү пландоодо

Новости
01-Февраль 2018-ж.
1900

Кыргыз Республикасынын экономика министри Артем Новиков жана Тажикстандын экономикалык өнүгүү жана соода министри Нъематулло Хикматуллозода Кыргызстан менен Тажикстандын аймагында биргелешкен ишканаларды түзүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Ведомствонун маалыматы боюнча министрлердин жолугушуусу Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Тажикстанга болгон расмий визитинин алкагында болду.

Министрлер Кыргызстандын Баткен облусунда жана Тажикстандын Согдий облустарында чек арага жакын райондордо айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча ишканаларды түзүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Мындан тышкары чек арага жакын жерлердеги сооданы өнүктүрүү максатында "Лейлек" ЭЭЗин өнүктүрүү жана чек арага жакын жерлердеги иштерди активдештирүү сунуш кылынууда.

Министр А.Новиков белгилегендей, Кыргызстан үчүн Тажикстан менен болгон өнөктөш мамилелерди өнүктүрүү жана бекемдөө маанилүү милдет болуп саналат. Кыргызстан коңшу мамлекет менен өз ара кызыкчылыкка ээ болгон бардык чөйрөлөрдө пайдалуу жана узак мөөнөттүү кызматташууну толук масштабда өнүктүрүүнү пландоодо.

Жолугушуунун жүрүшүндө министрлер инвестициянын кирүүсүнө жана соода-экономикалык кызматташууну өнүктүрүүгө өз ара жагымдуу болгон шарттарды түзүү боюнча зарыл болгон бардык чараларды кабыл алууну чечишти.

Ошондой эле товар жүгүртүү жана инвестициянын кирүү көлөмүн төмөндөтүүдөгү көйгөйлүү маселелер талкууланды. Бул көрсөткүчтөрдү жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын артыкчылыктарын, интеграциялык биримдикти жана эл аралык уюмдарды өнүктүрүү үчүн соода инструменти катары пайдалануу пландалууда.

Тараптар товар жүгүртүү көлөмүн, ошондой эле үчүнчү өлкөлөрдөн алынып келинүүчү импортту алмаштыруунун алкагында өз ара товар жүгүртүүнү жогорулатуу боюнча өз ара аракеттенүү механизмдерин иштеп чыгууну талкуулашты.

Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын экономика министрликтери эки өлкөнүн Президенттеринин келишимдерин иш жүзүндө ишке ашыруу механизмдерин жана ыкмаларын талкуулоо менен эки мамлекеттик ишкерлеринин катышуусунда Бишкек шаарында бизнес-форум уюштурууну жана өткөрүүнү талкуулашты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу