Кыргыз Республикасындагы чакан ишкерлик субъекттерин микрофинансылоо программасы жөнүндө

Новости
25-Январь 2018-ж.
2030

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги ишкерлерге түшүндүрүү максатында маалымат берет, экспортко багытталган ишканаларды жеңилдетилген каржылоонун колдонуудагы программасына ылайык, ХАСПП сапат менеджменти системасын субсидиялоо, Айыл чарбасын финансылоо-5 жана башка фонддор менен кошумча 2017-жылдын 28-декабрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Кыргыз Республикасындагы чакан ишкерлик субъекттерин микрофинансылоо" программасын кабыл алды.

Бул программанын максаты чакан ишкер субъекттерин жеңилдетилген кредит менен колдоо көрсөтүү.

Чакан ишкер субъекттерин жеңилдетилген кредиттөө катышуу үчүн тандалып алынган Кыргыз Республикасынын финансылык-кредиттик уюмдары аркылуу жүргүзүлөт.

Финансылык -кредиттик уюмдарды тандоо Кыргыз -Россия өнүктүрүү Фонду аркылуу жүргүзүлөт. Каржылоо булагы болуп 10 млн.АКШ доллары өлчөмүндө Фонддун каражаты эсептелет.

Чакан ишкерлик субъекттерине микрокредиттер төмөнкү шарттарда берилет:

-кредиттин суммасы 500 миңден ашпайт;

-кредиттөө мөөнөтү 24-ай, жеңилдетилген мезгил-6-ай, улуттук валютада берилет жана пайыздарды төгүү ар бир айда бирдей үлүштө жүргүзүлөт, пайыздык ставканын жогорку чеги чакан ишкерлик субъекттерине 14 % ашык эмес;

-финансылык-кредиттик уюмдар күрөө менен камсыздандырылган жана камсыздандырылбаган кредиттерди өздөрүнүн ички жол-жоболоруна ылайык беришет жана чакан ишкер субъекттеринен, анын ичинде мөөнөтүнөн мурда төлөгөндүгү үчүн жана акча каражаттарын накталай акчага айландырууга, кошумча комиссиялык жыйымдарды алууга укугу жок,

Ошондой эле микрокредиттер төмөнкү тармактарда ишкердик иш жүргүзүү үчүн берилет:

-агроөнөр жай комплекси;

-асыл тукум мал сатып алууга (тиешелүү сертификаттары болсо), айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жана даярдоо(даярдоо, сактоо, ошондой эле мөмө-жемиш жашылчаларды сактоочу жайларды куруу менен байланышкан долбоорлор)

-түзүлгөн келишимдин негизинде конкреттүү кайра иштетүү ишканаларын камсыздоо үчүн айыл чарба продукцияларын өстүрүү;

-жеңил өнөр жайы: тигүү жана текстиль өнөр жайы;

-кайра иштетүү өнөр жайы, ошондой эле ата-мекендик сырьелор менен материалдарды терең кайра иштетүү менен айыл жергесинде региондордо экономикалык ишти жүзөгө ашыруучу ишканалар;

- даярдоо, маркетинг, боюнча ата-мекендик өндүрүштөгү продукцияларды, айрыкча айыл чарба продукциясын илгерилетүү жана сатуу боюнча регионалдык соода-логистикалык компаниялар

-айыл жергесиндеги туристтик тармак, анын ичинде экотуризм, айыл чарба туризми жана тоо туризми;

-төмөнкүлөрдү камсыз кылуучу экономиканын бардык тармактары:

Экологиялык таза продукцияларды өндүрүү, заманбап технологияларды ишке киргизүү, жогорку технологиялуу продукцияларды чыгаруу;

Анын ичинде төмөнкүдөй иштин түрлөрүнө кредит берүүгө тыюу салынат:

-тамеки жана тамеки продукциясын өндүрүүгө, алкоголдук ичимдиктер, курал жарак, наркотикалык каражаттар (медициналык маанидеги препараттарды кошпогондо);

-оюн бизнеси;

- балдардын мажбурлоочу эмгегин пайдалануучу эмгек иштери чөйрөсү;

-мыйзамда тыюу салынган башка иштин түрлөрү.

Кенен маалыматты ОЧИ субъекттерин кредиттөө маселелери боюнча КРӨФтөн алууга болот.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу