Кыргызстан менен Пакистандын эки тараптуу соода-экономикалык кызматташуу маселелери талкууланды

Новости
24-Январь 2018-ж.
1956

2018-жылдын 24-январында Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков менен Пакистан Ислам Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Этзаз Ахмеддин жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда эки тараптуу соода-экономикалык кызматташуу маселелери талкууланды.

Министрдин орун басары А.Сазбаков Ахмед мырзаны Пакистандын ШКУга киргендигин куттуктап, акыркы жылдары Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы кызматташтыктын мамлекет аралык деңгээлде активдешип жаткандыгын белгиледи.

Тараптар, Кыргыз Республикасынын экономика министри төрагалык кылган 2017-жылдын 11-12-январында Исламабад шаарында болуп өткөн соода-экономикалык жана илимий -техникалык кызматташуу боюнча Өкмөт аралык Кыргыз-Пакистан комиссиясынын 3-жыйынынын маанисин белгилей кетти.

Өкмөт аралык комиссиянын бул жыйыны Комиссиянын иши токтоп калганына 10-жыл болгондон кийин кайра жанданганын маалымдады.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү максатында ведомство аралык келишимдерди тездетүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашты

Пакистан тарап бир катар азия мамлекеттери жана ЕАЭБдин ортосунда эркин соода жүргүзүү зонасы жөнүндөгү макулдашуу түзүү маселесине өзүнүн кызыкдар экендигин билдирди.

Тараптар 2018-жылдын февралынын аягында ВСП+ системасын колдонуу менен Европа Союзунун экспорт боюнча тажрыйба алмашуу үчүн боло турган Пакистан Ислам Республикасынын Коммерция министринин делегациясынын алдыда боло турган визити боюнча макулдашууларга жетишти.

Кыргыз тарап Кыргызстан менен Пакистандын ишкерлеринин ортсоундагы жолугушуу өткөрүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу