Дүйнөлүк банк Кыргызстан Өкмөтүнүн өлкөнү өнүктүрүүдөгү негизги өнөктөшү болуп саналат

Новости
23-Январь 2018-ж.
2051

"Дүйнөлүк банк Кыргызстан Өкмөтүнүн өлкөнү өнүктүрүүдөгү негизги өнөктөшү болуп саналат" -деп Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Алмаз Сазбаков ушул жылдын 24-январында Дүйнөлүк Банктын Офисинин жетекчиси Болормаа Амгаабазар менен болгон жолугушууда белгилеп өттү.

Ошондой эле министрдин орун басары Өкмөт 2014-жылга чейинки узак мөөнөттүү өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгууга киришкенин маалымдады. Учурда бул стратегиянын Концепциясынын долбоору иштелип чыгып "Жаңы доорго кырк кадам" Программасы кабыл алынды.

Учурда министрликтин алдында инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжалуулугун баалоо системасын ишке киргизүү жана иштеп чыгуу боюнча функцияларды ишке ашыруу боюнча милдеттер турат-деп белгиледи А, Сазбаков.

Министрдин орун басары улуттук стратегия жана тармактык программалардын индикатору менен байланыштуу долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжалуулугун баалоону жүргүзүү методологиясын иштеп чыгуу ошондой эле тармактык министрликтер менен ведомстволордун потенциалын арттыруу үчүн берген техникалык жардам үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Техникалык жардам тандоо системасын жакшыртуу жана долбоорлорду баалоо, портфелдер менен долбоорлорду мониторинг жүргүзүү, долбоордун аяктагандыгы жөнүндө эсептөөлөрдү даярдоо жана долбоор аяктагандан кийин баалоо, ошондой эле потенциалды жогорулатуу жана жайылтуу боюнча семинарларды өткөрүүдөн турат.

Жолугушуунун аягында Тараптар Кыргыз Республикасы менен Дүйнөлүк Банктын ортосундагы мындан аркы жемиштүү кызматташууга үмүт арта тургандыгын билдиришти.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу