Граждандык кодекске өзгөртүү киргизүү жөнүндө Мыйзам долбоору талкууга чыгарылат

Новости
29-Январь 2018-ж.
2066

Экономика министрлиги "Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыгат.

Мыйзам долбоорунда Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 37-главасына (банк эсеби), эскроу-эсеп келишимин түзүү жана ачуу тартибин, ошондой эле бенефициар жана депонент менен банктын ортосунда каралган келишимдеги негиздер пайда болгондогу өз ара мамилелер тартибин караган 775-2 беренеси менен толуктоо сунуш кылынат.

Бул мыйзам долбоордун максаты кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк менен болгон бүтүмдөрдө накталай эмес төлөмдөрдү колдонууну кеңейтүү болуп саналат.

Эскроу- эсепти пайдалануу сатуучуга жана сатып алуучуга милдеттенмелерин аткарууну камсыздоого жана бүтүм ишке ашпай калган учурда же алардын бир тарабы шылуундук кылган учурда тобокелдиктерди минималдаштырууга жол ачат.

Жогоруда аталган токтомдун долбоору менен Тиркемеден таанышууга болот.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу