Кургатылган өрүккө ЕЭК БУУнун DDP-15 эл аралык стандартын колдонуу боюнча маалыматтык сессиясы жөнүндө

Новости
25-Январь 2018-ж.
1927

Бүгүн, 2018-жылдын 26-январы Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология борборунун базасында кургатылган өрүккө ЕЭК БУУнун DDP-15 эл аралык стандартын колдонуу боюнча маалыматтык сессиясы болду.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга түштүк регионундагы кургатылган өрүккө карата коюлуучу минималдык талаптар боюнча (сапаты, бышуусу, калибровка) эл аралык стандартка өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө маалымат берилди.

Ошондой эле Стандартташтыруу боюнча улуттук органдардын өкүлдөрүнүн Регионалдык жумушчу тобунун жүргүзгөн иштери жөнүндө жана Кыргызстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын бизнесинин кургатылган өрүккө карата DDP-15 стандартын түзүү боюнча маалыматтык плакатын жана түшүндүрүүчү брошюрасын түзүү боюнча маалымат берилди.

Кургатылган өрүктү жаңы эл аралык стандарттын редациясы боюнча идентификациялоо бизнеске эл аралык бизнеске чыгууга мүмкүнчүлүк берүү менен экспорттук потенциалын жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн экономикасын жогорулатат.

Соода кылууда техникалык тоскоолдуктарды жоюу максатында ЕЭК ООН DDP-07 кара өрүктүн товардык сапатын контролдоо жана сатууга тиешелүү эл аралык стандартына, өзгөртүү жана толуктоого киргизүү боюнча иштерди пландоо жөнүндө маселе талкууга алынды.

Иш-чарада бизнес-структуралардын, министрликтердин, ведомстволордун, эл аралык уюмдардын, ЖОЖдордун өкүлдөрү жана башка кызыкдар тараптар катышты.

Сессиянын уюштуруучулары болуп, СМБ, "Борбордук азияда соода жол-жоболорун жеңилдетүү" GIZ Программасы, Hilfswerk Austria International австрия эл аралык уюму, "Кең Европа: Борбордук Азиядагы соодага көмөк көрсөтүү" ПРООНдун регионалдык долбоору эсептелишет.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу