Кыргыз Республикасынын экономика министри Германиянын Кыргызстандагы элчисине Бишкекте эки мамлекеттик ишкерлеринин жолугушуусун өткөрүүнү сунуш кылды

Новости
24-Январь 2018-ж.
1976

2018-жылдын 24-январында Кыргыз Республикасынын экономика министри Артем Новиков менен Германия Федеративдик Республикасынын Ыйгарым укуктуу элчиси Моника Иверсен менен жолугушуусу болуп өттү.

Министр Артем Новиков белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Германия менен соода, инвестиция, ишкерлик, айыл чарбасы чөйрөлөрүндө өз ара алака түзүүнү бекемдөө жана кеңейтүүгө чоң маани берет.

Бул жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун учурдагы статусун, аларды кеңейтүү жана активдештирүү мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле 2017-жылдын 3-4 -июлунда Бонн (ГФР) шаарында болуп өткөн финансылык жана техникалык кызматташуу боюнча кезектеги Кыргыз-Герман өкмөт аралык сүйлөшүүлөрүнүн жүрүшүндө жетишилген келишимдерди ишке ашырууга ар тараптуу көмөк көрсөтүү маселелерин талкуулашты.

Акыркы мезгилде ийгиликтүү ишке ашырылган милдеттердин бири катары тараптар ГФРдин Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү министрлигинин Парламенттик статс-катчысы Ханс-Иоахим Фухтелдин визитинин жүрүшүндө уюштурулган, 2017-жылы Кыргызстанда өткөрүлгөн Экинчи Герман экономикасынын күндөрүн өткөрүүнү белгилешти.

Иш-чаранын максаты немец жана кыргыз ишкерлеринин ортосундагы ошондой эле мамлекеттик органдар менен мекемелердин ортосундагы диалогду колдоо болуп эсептелет. Экинчи Герман экономикасынын күндөрү "Тамка аш жана айыл чарбасы" жана "Энергетика жана инновациялар" темасына арналган. Форум кызыкдар ишканаларга жаңы продуктылар менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө герман инвестициясынын жана товар жүгүртүү көлөмүн төмөндөткөн көйгөйлүү маселелер талкууланды. Бул көрсөткүчтөрдү жогорулатуу максатында Тараптар Кыргызстан алган ВСП+ статусун өнүгүү соода инструменти катары пайдалануу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Министр Новиков ГФРдин Федералдык Өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө финансылык-техникалык жардамдын алкагында туруктуу жана олуттуу жардам берип келе жаткандыгына ыраазычылык билдирди жана ушуга байланыштуу 2017-2018-жылдарга карата финансылык жана техникалык кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюуга тиешелүү маселелерди чечүүнү тездетүүгө болгон аракеттерин жумшоону макулдашты.

Өз кезегинде М.Иверсен айым министр А.Новиковго жолугушуу мүмкүнчүлүгүнө ыраазычылык билдирүү менен мындан аркы жемиштүү кызматташууга үмүт арта тургандыгын билдирди.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу