Чарбакер субъекттерди мажбурлап бөлүү (ажыратуу) жөнүндө эрежени бекитүү тууралуу долбоорго өзгөртүү киргизүү талкууга коюлат

Новости
24-Январь 2018-ж.
1920

Экономика министрлиги ишкерликти жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү же күчүн жоготту деп таануу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жөнгө салуу реформасы боюнча кеңештин сунуштарын аткаруу үчүн даярдалган 2012-жылдын 11-июнундагы "Чарбакер субъекттерди мажбурлап бөлүү (ажыратуу) жөнүндө эрежени бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоорун коомдук талкууга алып чыгат,

Ишкерлик иштин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо жана талдоо боюнча жүргүзүлгөн иштердин алкагында мыйзамдуулукка, негиздүүлүккө, коррупцияга каршы аракеттенүү критерийлерине шайкеш келбеген бир катар ченемдик укуктук актылар белгилүү болду.

Бул долбоорго өзгөртүү киргизүү менен чарбакер субъекттердин монополияга каршы мыйзамдарды бузгандыгын күбөлөндүрүүчү кандай документтер тиркеле тургандыгы такталат.

Ошондой эле кызыкдар тараптар кимдер боло тургандыгы такталат жана монополияга каршы орган тарабынан чарбакер субъектти бөлүү (ажыратуу) жөнүндө материалдарды кароо мөөнөтү 3 айга чейин узартылат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу