Товардык кампалар жана кампа тил каттары жөнүндөгү мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды

Новости
23-Январь 2018-ж.
2080

2018-жылдын 24-январында Жогорку Кеңештин жыйынында "товардык кампалар жана кампа тил каттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору экинчи окууда каралып кабыл алынды.

Министр Артем Новиков белгилеп кеткендей, мыйзам долбоору кош кампа тил каттарын берүү, жүгүртүү жана жоюу, анын бөлүктөрү -кампа тил каттары жана күрөө күбөлүгү, жөнөкөй кампа тил каттары менен байланышкан мамилелерди укуктук жөнгө салууну карайт, ошондой эле айыл чарба продукцияларын сактоого кабыл алуучу товардык кампалардын милдеттери менен укуктарын жөнгө салат.

Бул мыйзам долбоору айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө айыл чарба продукциясын күрөө катары колдонуу менен кыска мөөнөттүү банктык заемдорду алууга кампа тил каттарын күрөөгө коюу менен финансылоонун жаңы системасын илгерилетүү максатында иштелип чыккан.

Башкача айтканда, өндүрүштүк-сатуу чынжырчасы боюнча кызматташуу жана интеграциялоонү күчөтүү, соода-логистикалык кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү, институционалдык инновацияларды ишке киргизүү, класстары боюнча сорттоодо, подрядчыларды тартууда, биржалык соодада бул инструмент кампа тил каттарын күрөө коюу менен каржылоону өнүктүрүүгө кызмат кылат.

Ошентип бул мыйзам долбоору айыл чарба жана кайра иштетүү продукцияларына баалардын өзгөрмөлүү маалында же аларды сатуу мезгиилндеги көйгөйлөрдөн арылтып, агросектор үчүн каржылоого жеткиликтүүлүк көйгөйүн чечүүгө мүмкүнчүлүк берет, ошондой эле заманбап кампа инфраструктурасын өнүктүрүүгө жол ачат.

Мыйзам долбоору кампа күбөлүгүн чыгаргысы келбеген товардык кампаларга милдеттүү эмес. Мындай товардык кампалар өз иштерин Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарына ылайык ишке ашырышат.

Экинчи окуунун жыйынтыгы боюнча бул мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаттарынын сунуштарын эске алуу менен толукталып иштелип чыгат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу