Лицензиялык -уруксат берүү системасы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды

Новости
23-Январь 2018-ж.
2029

2018-жылдын 24-январында Жогорку Кеңештин жыйынында "Лицензиялык -уруксат берүү системасы чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору, толукталып иштеп чыгууну эске алуу менен, биринчи окууда каралып кабыл алынды.

Министр Артем Новиковдун маалыматы боюнча бул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү системасын мындан ары оптималдаштыруу жана либералдаштыруу максатында иштелип чыккан.

Лицензиялануучу иштин түрү өз ичине кызмат кылуу жана жумуштарды камтыйт. Ошол эле мезгилде уруксат катары аракеттер менен операцияларды да камтыйт

Мыйзам долбоору менен төмөнкүлөр сунуш кылынат:

-лицензиялануучу иштин түрлөрүн 99дан 87 ге чейин кыскартуу (16 түр алып салынат, 4- кошулат);

-уруксаттын жана иштин чектелген түрлөрүнө лицензия берүүнү кошпогондо, лицензия үчүн акы төлөөнү алып салуу;

-он-лайн режиминде электрондук түрдө уруксат жана лицензия берүүнүн автоматташтырылган маалыматтык системасын киргизүү;

-лицензияларга тиркемелерди киргизүү менен жумуштарга, кызмат көрсөтүүлөргө, аракеттерге жана операцияларга лицензиялануучу иштин түрлөрүн бөлүүнү, ошондой эле лицензиялоо жана уруксат берүү жол-жоболорунун ортосун чектөөнү кароо;

-лицензиялык контрол баракчасын милдеттүү түрдө колдонуу менен лицензиялык контролду ишке ашыруу боюнча талаптарды киргизүү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу