Бишкекте микрофинансы секторунун 2018-2021-жылдарга карата өнүгүүсү боюнча тегерек стол болот

Новости
25-Ноябрь 2017-ж.
1945
26-октябрда Бишкекте(9-30 «CityHotel») "2018-2021-жылдарга карата микрофинансы секторун өнүктүрүүнүн негизги багыттары" темасындагы тегерек стол болуп өтөт, ал Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин "Аялдар ишкердигин өнүктүрүү" долбоорун ишке ашыруу бөлүмү тарабынан уюштурулган.


Тегерек стол документти талкуулоо сын пикирлерди жана сунуштарды кабыл алуу максатында жүргүзүлүп жатат.



Катышууга Улуттук Банктын, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин, Банктар союзунун, микрофинансы уюмдарынын жана кредиттик союздардын, көз карандысыз эксперттердин, эл аралык жана донор уюмдардын өкүлдөрү чакырылган.


Микрофинансы секторун өнүктүрүүнүн негизги багыттары микрофиансылык рыноктун жана алардын кесиптик ассоциацияларынын катышуучуларынын сунуштарын эске алуу менен иштелип чыккан.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу