Ушул жылы Кыргыз Республикасындагы стандартташтыруу 90-жылдыгын белгилейт

Новости
22-Ноябрь 2017-ж.
1942
Жыл сайын 24-октябрда Кыргыз Республикасында стандартташтыруу жана метрология кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленет. Бул жылы Кыргыз Республикасынын стандартташтыруусу 90-жылдыгын белгилейт.


2017-жылдын 24-октябрында Экономика министрлигинин Чоң залында Өкмөттүн, министрликтердин жана ведомстволордун, бизнес-структуралардын, ЖОЖдордун өкүлдөрүнүн катышуусу менен Кыргыз Республикасынын стандартташтыруусуна 90-жылдыгы боюнча кесиптик майрамына арналган чоң жыйын болуп өттү.



Стандартташтыруу республика экономикасынын жана социалдык чөйрөнүн өнүгүүсү үчүн коопсуз жана сапаттуу продукция чыгарууга көмөктөшүү, анын техникалык деңгээлин арттыруу жана атаандаштыгын жогорулатуу, ресурстарды экономдоо, соодадагы техникалык тоскоолдуктарды жоюуда чоң мааниге.

Стандартташтыруу мамлекеттин социалдык-экономикалык саясатын колдоонун негизги фактору болуп эсептелет, ошону менен бирге ак ниет атаандаштыкты өнүктүрүүдө, соодадагы техникалык тоскоолдуктарды азайтууда, жарандардын өмүрүнүн, саламаттыгынын жана мүлкүнүн коопсуздук деңгээлин арттырууда, керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоодо, курчап турган чөйрөнү коргоодо жана ресурстардын бардык түрлөрүн үнөмдөөдөгү ролу чоң.
Стандартташтыруу техникалык жөнгө салуу элементтеринин бири катары өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө олуттуу салым кошууга тийиш.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу