Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентин иштеп чыгуу, оптималдаштыруу жана бекитүү тартиби жөнүндө

Новости
22-Ноябрь 2017-ж.
2153
Экономика министрлиги "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу, оптималдаштыруу жана бекитүү тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтом долбоорун жалпы талкууга алып чыкты.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бул токтом долбоору "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү реестрине жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн Базалык реестрине киргизилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана бекитүү бөлүгүндө ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
Бүгүнкү күндө бул процесс Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-июлундагы буйругу менен жөнгө салынат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аталган чечими менен төмөнкүлөр бекитилген:
-"Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү административдик регламенти"
- "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана бекитүү тартиби жөнүндө жобо".
Бирок кабыл алынган документтердин талаптарын аткарууда мамлекеттик органдар жана ага тартылган башка аткаруучулар мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн административдик регламентинин долбоорун иштеп чыгуудагы кыйынчылыктарга кабылышкан.
Бул мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы административдик регламенттердин долбоорун түзүү процессин, аны мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү системасын оптималдаштыруу боюнча ведомство аралык комиссияга аларды карап чыгып андан ары бекитүү үчүн Экономика министрлигине өткөрүп берүүнү создуктурууга алып келди.
Жобонун долбоору мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн Бирдиктүү реестрине жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн Базалык реестрине киргизилген мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана бекитүү бөлүгүндө ишке ашыруу максатында иштелип чыккан.
Жобонун долбоору мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуу, оптималдаштыруу жана бекитүүгө жакшыртылган мамиле жасоону болжолдойт, ошондой эле учурда колдонулуп жаткан -"Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү административдик регламенти", "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн административдик регламенттерин иштеп чыгуу жана бекитүү тартиби жөнүндө жобонун" бириктирилүүсүн карайт.

Жогоруда көрсөтүлгөн Токтом долбоору менен кененирээк тиркемеден таанышууга болот.



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу