Кыргыз Республикасынын 2018-2020 жылдар аралыгына Экспортту өнүктүрүү программасынын долбоорун талкуулоо жана толуктап иштеп чыгууну талкуулоо боюнча

Новости
19-Ноябрь 2017-ж.
2157
Кыргыз Республикасынын 2018-2020 жылдарга карата Экспортту өнүктүрүү программасы учурда иштелип чыгып жаткандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги БУУнун (ПРООНдун) өнүгүү Программасы жана Эл аралык кызматташуу боюнча Герман коомунун (GIZ) колдоосу астында бардык кызыкдар тараптарды аталган Программаны талкуулоо жана толуктап иштеп чыгуу боюнча жумушчу жыйынга катышууга чакырат.
Жыйын 2017-жылдын 23-25-октябрында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин 405 кабинетинде болот. Дареги Чүй проспекти 106(Тыныстанова менен кесилишет). Айрым тармактар боюнча жыйындын жүрүш графиги менен ушул жерден таанышууга болот.
Долбоордун тексти менен 62-49-51, 62-05-35 (кош185) телефону боюнча кайрылып же mambetkazieva.aisuluu@gmail.com дарегине кайрылып билүүгө болот.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу